www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынын өткөрүп жатат.

Күн тартибинде эки маселе каралууда:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө.
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаңы долбоорлорун талкуулоо.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекстер жана 2 мыйзамдар күчүнө кире турганын эске салды.

«Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз. Анткени бул экөө өз ара тыгыз байланышкан чөйрө. Аларды өз-өзүнчө кароо мүмкүн эмес», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал ушул жылдын май айында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйналышы өтүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Жарлыкка кол коюлганын, анда жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүүгө даярдык көрүү иштерин кечиктирбей бүткөрүү тапшырмасы берилгенин эске салды. Бүгүн ошол Жарлыктын аткарылышын карап, тиешелүү тыянак чыгаруу зарыл экенин, мамлекеттик органдардын даярдык иштеринин жыйынтыгын карай тургандарын белгиледи.

Ошондой эле Мамлекет башчысы сот-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча Эксперттик жумушчу топту түзгөнүн жана ал топ көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн анын тапшырмасы боюнча 5 айдын ичинде 70 жолугушуу өткөргөнүн, бардык региондордо мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.

«Жумушчу топтун маалыматы боюнча, дагы эле эскиче ой-жүгүртүү ишибизге тоскоол болууда. Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски репрессивдик мыйзамдардан кеткиси келбей жатат. Ал эми айрым мамлекеттик органдарда  реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат. Кээ бир жетекчилер жаӊы укуктук мейкиндикке өткөндү жактырбай жатат», — деп белгиледи Президент. 

Ал белгилегендей, ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик органдардын жетекчилери, жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, анда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү талкууланган жана мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген.

«Бирок, тилекке каршы, бул иш убагында бүтпөй калды. Өкмөт менен Жогорку Кенеш айрым кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алууну кечеңдетүүдө. Ошондуктан Жаӊы жыл башталганга чейин бул маселелерге дагы бир жолу кайрылып жатам», — деп белгиледи Президент.

Күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча маалыматты КР вице-премьер-министри Жеӊиш Разаков жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева беришет.

Ошондой эле райондор аралык соттор, тергөө судьясынын укуктук статусу, жаңы Жарандык-процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жана судьяларды ротациялоо жөнүндө төрт мыйзамдын долбоору каралып, үч мыйзам долбоору боюнча Кеңештин мүчөсү, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева баяндама жасайт.

Төртүнчү мыйзам долбоору боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Кыргыз-Россия Славян университетинин конституциялык укук кафедрасынын доценти  Чынара Мусабекова баяндама кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости