www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Атамбаев кечээ Бабановду каралап алып, бүгүн неге ага жан тартып, акталышы керек деп жатат?

-Атамбаевдин азыр айласы кетип жаткан чагы. Ошого ал азыр жанына кимди кошуп алсам деп кайсалактап, кыйналып турган мезгили. Ошон үчүн ал  коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын «шестеркасы» деп кылмыш ишин ачтырган Бабановдун  ишин жабыш керек деп тескери билдирүүлөрдү таратып жатат. Атамбаев Бабанов жана Мудумаровду тегерегине бириктирип алсам, түндүккө да, түштүккө да таасир этчүдөй болмокмун деген ой менен аларды жанына кошуп алуу аракетин көрүп жаткандай.  Бирок, Бабанов да, Мадумаров да өзүнчө саясат жүргүзгөн саясатчылар. Алар Атамбаевдин коомдо таасири жокко эсе болуп баратканын жакшы билишет. Тескерисинче, Атамбаев саясатта критке кетсе, башка саясатчыларга кеңири айдын ачылаарын жакшы билишет. Ошондуктан булар өз кызыкчылыктарын эске алуу менен, Атамбаевди  100% колдобойт.

-Бабанов Кыргызстанга келиши мүмкүнбү?

- Бабанов да, Мадумаров да Атамбаевдин буларды колдонуп өлкөгө бүлүк салган жатканын жакшы билишет. Ошондуктан, булар алдатпайт. Бабанов Кыргызстанга жакынкы арада келбейт. Ал качан гана анын жеке өзү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндө гана Кыргызстанга келиши мүмкүн. Себеби, Бабанов бизнесмен. Ал эгерде камалып калса, анда зонада аны кандай саарын жакшы билет. Мадумаров дайыма революциялык же бүлүк салуу жолу менен бийликке келүү идеяларына каршы экенин билдирип келет. Ал Атамбаевдин кайырмагына оңою менен илине койбойт.

 -Атамабаев Текебаевди камаганына чындап өкүндүбү же анын рейтинги көтөрүлүп кеткенине өкүнүп жатабы?

-Атамбаевди бүгүн кооптондурган эң чоң маселелердин бири бул Текебаевдин боштондукка чыга турган мөөнөтүнүн жакындашы. Эгер ал боштондукка чыгып калса, ал дагы эмне кылып жиберет деп чоочулап жатат. Ошондуктан, ал ар бир маегинде Текебаевди өзү эмес, күч органдары мыйзамдын негизинде камады деген ойду бышыктап жатат. Албетте, Атамбаев ушундай жол менен коомчулукту ишендире алам деп  ойлоп жатат. Бирок, бардык нерсе ал ойлогондой болбошу толук мүмкүн.

 -КТРден Текебаев тууралуу документалдуу филимдин көрсөтүлгөнү эмнеден кабар берет?

-Өмүрбек  Текебаевдин камалышына ОТРКнын директорунун да салымы чоң болгон. УКМК аны каралоо үчүн ОТРКны колдонгон. УКМК шылдың болсо да «Белизгейт» операциясын уюштурганда, ОТРКны да аралаштырган. Атамбаевдин мезгилиндеги УКМКнын эч нерсеге жарабаган операциялары бүгүн ошол кездеги көпчүлүк кызмат адамдарынын шайын оодарып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости