www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл жыйынтыкталып жатканда жылына мүчөл жаш тууралуу кеп болот. Бири мүчөл жашын узатып жатса, экинчиси мүчөл жашын тосуп алат. Биз бу сапар мүчөл жаш эмне деген суроого жооп издеп көрдүк. Быйыл мүчөл жылыңызды тосуп же узатып жаткан болсунуз бул ырым-жырымдарды эстей жүрүңүз.

Мүчөл жаш — 13 жылда бир келчү өзгөчө мезгил. Тагыраагы, кыргыз эли жыл эсебин он эки жаныбардын аты менен аталып,  12 жыл сайын кайталанып турат. Мүчөл жаш  бала он экиден өтүп, он үч жашка толгондо белгилене баштайт. Себеби баланын курсактагы жаткан жылы да кошулат. Адамдын мүчөл жылында ар кандай жагымсыз учурлар болуп кетпесин деген ишеним менен элибиз ар түрдүү ырымдарды колдонушат. Мисалы:

  • Мүчөл жашын чыгарганда той кылып, мал союп, кан чыгарып, элге тамак-аш берет;
  • Дүйнө-мүлкүнөн  садага берип, бей-бечараларды ыраазы кылат;
  • Мүчөл жашка чыккан баланын жаткан жерин арча менен аластайт, жууркан-төшөгүн жаңылайт;
  • Мүчөл жашка чыккан баланын эски кийимдерин кырсык тоорубасын деп отко өрттөшөт;
  • Мүчөлү чыгып жаткан балага кызыл түстөгү кийим кийгизет;
  • Мүчөлү чыгып аткан балага  жакшы көргөн идишин сындыртышат;
  • Мүчөл жылы оору-сыркоо, чыгаша, башка кырсыктар келет деп балдарды  аяр кармаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости