www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот актер Михаил Ефремовду күнөөлүү деп тапты

Москванын Пресненск райондук соту актер Михаил Ефремовду адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына күнөөлүү деп тапты. Учурда судья өкүмдү окуп жатат жана аны кандай жазага тартары азырынча белгисиз.

Сот жараянында Ефремов өзү да айыбын мойнуна алган жана прокурорлор аны 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Кырсык учурунда прокурорлор актёр мас абалында, баңгизат чегип алганын, уруксат берилген ылдамдыктан ашырып айдаганын, ошондон улам машинесин башкара албай калганын айтышкан. Ефремов буга чейин үй камагына алынып, анын мөөнөтү эмдиги жылдын 22-январына чейин узартылган.

Белгилей кетсек, бул кырсык 2020-жылдын 8-июнунда Москвада болгон. Тергөөнүн версиясына караганда, актёр ичкилик ичип алып рулда баратканда жолдун каршы тарабына чыгып кеткен жана чакан фургонду сүзгөн. Кырсыктан кийин анын айдоочусу Сергей Захаров көз жумган.

Ефремов театр жана кинодо өзүнүн өзгөчө аткарган ролдору менен элге таанылган. Ал Россиянын Эмгек сиңирген артисти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости