www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Советтик министрлер номенклатура менен акылдары болсо  акырындык менен чоңойуп,отурушчу. Эмки министрлер акчасы болсо акылдын эмне кереги бар дешип, бүгүн сугатчы болсо пара менен  эртең министр.Эки министрдин өмүр баянын алалы:

Каниметов Абдылда Каниметович – 18. 08. 1928, Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району, Тилекмат айылы – 28. 11. 1999, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору, профессор (1968). 1950-ж. Москва мамлекеттик университетин (ММУ) бүтүрүп, 1950–55-ж. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын (УИА) Тарых институтунда илимий кызматкер, 1955–59-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, кафедра башчы, директордун орун басары, 1959–61-ж. Кыргызстан КП БКнын мектеп жана жогорку окуу жай бөлүмүнүн башчысы. 1961–62-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу жогорку жана атайы орто билим берүү боюнча комитеттин төрагасы. 1962–77-ж. Кыргыз ССРнин элге билим берүү министри. 1977–88-ж. Кыргызстан ИА Тарых институтунда директор, 1989-жылдан ошол эле институттун жетектөөчү илимий кызматкери. Каниметов Абдылданын илимий эмгектери Кыргызстандын маданий курулушуна, элге билим берүү жана Интергельпонун тарыхына арналган. Ал 200дөй илимий макала, анын ичинен 40ка жакын монография, окуу китептеринин автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1962–79). Үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, ж. б. медалдар менен сыйланган. Ысымы Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатына ыйгарылган.

Каниметов Абдырай Каниметович – мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР эт-сүт өнөр-жай министри (1984–86), Кыргыз ССР мамлекеттик агроөнөр-жай комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, министр (1986–87). Каниметов Абдылданын бир тууган иниси.

Каниметов Абдырай 24-август 1932-ж. Ысык-Көл өрөөнү, Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылында туулган. Айыл-чарба илимдеринин кандидаты. Айылдык мектептин 7-классын аяктагандан кийин, окуусун Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы А. С. Пушкин атындагы орто мектепте (азыркы №5 Улуттук компьютердик гимназия) уланткан. 1949–54-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтунун ветеринария факультетинин студенти. Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусундагы Он-Арча (Коммунизм колхозу) айылында участкалык ветврач (1954), Загорск (азыркы Сергиев Посад) шаарындагы Бүткүл союздук канаттуулардын илимий-изилдөө жана технологиялык интитутунун (Всероссийский научно-исследовательский и технологический институт птицеводства – ВНИТИП) аспиранты, Кыргыз Улуттук ИАсында кенже илимий кызматкер (1958). 1958–60-жылдары Сокулук районундагы Ат-Башы асыл тукум бакма канаттуулар заводунда башкы зоотехник, 1960–67-ж. Кыргыз ССР мал-чарба жана ветеринария илим-изилдөө институтунда бөлүм башчы, илимий тажырыйба тармагынын (опытное хозяйство) директору. 1967–73-ж. Айыл-чарба министрлигинде илимий-пропагандалоо башкармалыгынын башчысы, 1975–78-ж. Кыргыз ССР канаттуулар илимий-өндүрүү бирикмесинин (Сокулук району, М. Фрунзе атындагы айыл) генералдык директору. Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын (Кошоев Темирбек Кудайбергенович) биринчи орун басары (1978–82), Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (1982–84). Беш автордук күбөлүктүн ээси, бир монография, 80ге жакын илимий макаланын автору. 31-июль

Түпкү ата-теги Тагай бийден тарашат. Тагай бийден Сарыбагыш (Кылжыр), андан Дөөлөсбакты, андан Манап бий, Манаптан Сүтөй, Сүтөйдөн Сарысейит бий, андан Үчүкө баатыр, андан Маматкул бий, андан Болот бий, андан Эсенкул баатыр, андан Назар, андан Ботаалы баатыр, андан Дадабай, андан Канимет. Тилекматтын уулу Чыныбай уезд башчысынын жардамчысы болуп турганда, Нарынга бара жатып, Ботаалы баатырдын айылына атайын кайрылып, саяк Алыбек баатырдын колго түшкөнү тууралуу анын өз оозунан уккан жана бугу-сарыбагыш урууларын ынтымакка чакыруу максатында Ботаалынын уулу Дадабайга кызы Сейилканды берүүгө макул болгон. 1916-жылдагы Үркүндөн кийин Канимет энесин ээрчип кетип шартка ылайык Ысык-Көлгө келип туруп калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости