www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык жоомарттык сизди физикалык жактан дагы сүйкүмдүү көрсөтөт. Аталган изилдөө тууралуу indyturk.com сайты жазып чыкты.

АКШдагы Индиана университетинде жасалган изилдөөдө катышуучуларга мурда тандалып алынган кишилердин сүрөтү көрсөтүлүп, ал кишилердин өзүнө тартуучу өзгөчөлүгүн баалоосу талап кылынды.

Сүрөттөгү кишинин жашоосу тууралуу эч кандай маалыматы жок катышуучулар жоомарт кишилердин сүйкүмдүү көрүнөрүн айтышкан.

 

 Жасалган изилдөөгө ылайык сүйкүмдүү кишилердин жоомарт болоору, ал эми жоомарт кишилердин сүйкүмдүү болоору далилденди.

Изилдөөчү топ бул ачылышты үч масштабдуу изилдөөнүн негизинде жасаган. Алардын бири жашы улуулардын ошол учурдагы мамилесин изилдесе, масштабдуу саналган кийинки эки изилдөө өспүрүмдөргө карата жүргүзүлдү.

Жоомарттык сапатка ээ адамдар физикалык жактан жагымдуу көрүнүшөбү? Же тескерисинче өзүнө тарткан, сүйкүмдүүлөр жоомарт болушабы? Изилдөө дал ушул эки суроонун үстүндө жүзөгө ашты.

Катышуучулардын ойлору же сезимдерине таасир бербеш үчүн аларга изилдөө жасалган кишилердин сүрөттөрү гана көрсөтүлдү. Сүрөттөгүлөрдүн жоомарт экендигине байланышкан маалымат берилген жок.

Nonprofit and Voluntary Sector Quarterly аттуу журналга жарыяланган изилдөө, ыктыярдуулук менен мамиле кылган боорукер жашы улуулардын башкаларга салыштырмалуу сүйкүмдүү болоорун, ал эми ыктыярчы болгон жаш өспүрүмдөрдүн физикалык жактан жагымдуу көрүнөрүн белгиледи.

Изилдөөчү топтун курамындагы Пенсильвания университетинин социалдык политика боюнча профессору Фемида Хэнди үч изилдөө үч башка убакта, башка-башка катышуучулар менен түрдүү ыкмада жасалганына карабастан жоомарттык менен өзүнө тартуучулуктун ортосунда бир байланыштын бар экенин айтты.

Изилдөөчү топтун дагы бир мүчөсү, Индиана университетинин профессору Сара Контрат болсо, физикалык жактан сулуу адамдар өзүмчүл, бой көтөргүч болот деген пикирди колдобой тургандыгын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости