www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыка талапкер Талант Сарбагышев өзүнүн туулуп өскөн жери, Мекенибиз Кыргызстан жөнүндө айтып, 5 жылдагы өзгөрүү менен 30 жылдагы башкарууну айтты.

--Мекен деген сөз адам үчүн эмнени туюндурарын бир сөз менен түшүндүрүү кыйын. Мекен – бул сен туулуп өскөн жер, ата-энең, эне тилиң. Менин мекеним – Кыргызстаным, өзүбүздүн эгемен мамлекетибиз бар экендиги менен өтө сыймыктанам.

Жыйырма жылдан ашык ички иштер органдарында иштедим. Аздыр-көптүр ийгиликтерге жетиштим. Полковник наамында ардактуу эс алууга чыккан соң өзүмдүн кичи мекениме кайтып келип, регионалдык “Табылга” партиясына мүчө болуп киргем. Шаардык кеңеште жеңип чыгып, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагалыгына, кийинчерээк шаардын мэрлигине шайландым. Элге жакын болсоң, эл да муну баалайт. Шаардын мэри кызматын аркалап жүрүп көп көйгөйлөргө туш болдум. Бир суткада чечип койчу маселелер бир айлап чечилет экен. Шаар үчүн бир нерсе жасайын десең көмүскө жолдорун издеп, кимдир бирөөлөр менен жең ичинен сүйлөшүш керек. Эмне үчүн мындай? Ооба, парламенттеги 5 жылдык мөөнөт көз ачып-жумганча өтүп кетет. Өлкөдө 30 жылда эмне өзгөрүү болгонун да көрүп жатабыз. Эгер Жогорку Кеңешке чындап эле элди, өлкөнү ойлогон, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган кишилер келсе өлкө азыркыдай абалдан чыгып, бат эле бутка туруп кетерине ишенем. Биздин өлкө чакан. Аны оңой эле башкарса болот. Эң башкысы – уурдаба, алдаба, айттыңбы - аткар деген үч принципти карманыш керек.

--Буга чейин башка партиялар менен кызматташуу болгонбу? Эмнеге “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз?

--Биз көп эле партияларды көрдүк. Мен өзүм регионалдык деңгээлде “Табылга” партиясынын тең уюштуруучусу болгом. Азыркы шайлоода ал “Мекеним Кыргызстан” менен бирикти. Бул партия мага өзүнүн жаңычылдыгы, өз алдынчалыгы жана стандарттуу эмес идеялары менен жагат.

--Коомчулук, партиялар убада берет аткарбайт” дешет, Сизчи сөзүңүзгө турасызбы?

Партияга алдыга коюлган максаттарын аткарууга жетишип, өлкөнү реалдуу түрдө өзгөртө алган чечкиндүү, амбициялуу адамдардын чогулганы өтө маанилүү. Албетте, бардык эле партиялар убада берет, арасында “асмандагы айды алып берем” дегендери да бар. Бирок биздикилер андай эмес, биз айткандын өтөсүнө чыгып, өзүн реалдуу иш менен көрсөткөн кишилербиз. Эгер мен депутат болуп калсам, мыйзам чыгаргандан башка Ысык-Көл регионун өзгөртүүгө, жакшыртууга аракет кылам. Биз туризмди өнүктүрүү керек деп көп айтабыз, бирок бул үчүн мыйзам чыгаруучулук деңгээлдеги реалдуу иштер керек. Кеп экотуризм жана этнотуризм тууралуу болуп жатат. Анан, албетте, жолдорду жаңылоо зарыл. Эгер мен өз шаарыма, районума, облусума жардам бере алсам, жалпы ысык-көлдүктөрдүн жашоосун жакшыртууга салым кошкон болом. Мен парламентке жумуш орундары түзүлүп, айыл чарбасы өнүгүшү үчүн мыйзамдарды жазып, демилгелеп, талап кылганы, көзөмөлдөгөнү баратам. Жалпы Кыргызстандын эли азыркы кырдаалдан аман-эсен чыгып, бакубат, бардар турмушта жашоосун каалайм.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 

Последние новости