www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын, күмүш баалуу деп эсептегендердин эсине - советтик кээ бир тыйындар алардан да кымбат турат. Тыйындын баары эле кымбат эмес, алар кайсылар? Нумизматтар үчүн тыйындардын баалуулугу кайсы металлдан жасалганына байланыштуцу эмес, биринчи орунда ошол жасалган тыйындын сейрек кездешкени баалуу.

Үйүңүзди тинтип көрүңүз, балким бир жерде биз айта турган тыйындар жаткандыр, эгер андай болсо, көз ачып жумгуча бай адамга айланасыз.

10. 1941-жылдагы 20 тыйын

Наркы: $750–1500.

Бул тыйын төрт вариантта жасалган. Алардын ичинде эң баалуусу – Европадан келе турган маанилүү коноктор үчүн чегилген атайын тыйындар. Бардыгы болуп жүзгө чукул гана монета чегилип, анын көпчүлүгү таратылып кеткен. Өзгөчөлүлүүгү - аверсте турган күндүн нуру башкалардай сегиз нур чачыратпайт, алтоо эле.

9. 1946-жылдагы 10 тыйын

Наркы: $1500.

Эң баалуу монета катачылыкка барып такалат, аверстеги гербде адаттагы 11 лентанын ордуна жетөө эле сүрөттөлгөн.

8. 1931-жылдагы 10, 15 жана 20 тыйын

Наркы: $2300.

1925-жылы күмүштүн ордуна колдонгонго көп башка куймалар пайдаланылган. 10, 15, 20 тыйындарды жасаганда эксперимент жүргүзүлгөн. Аверсте балкачан адам үгүт плакаттары менен турат. .

7. 1923 жылдагы алтын «червонец»

Наркы: $2400.

«Червонец» (10 рубль) тышкы соода үчүн Петроград монета сарайында 1923-1924-жылдары чегилген, Ички товар айланууда колдонулган эмес, ошондуктан аз эле экземпляр сакталып калган.

6. 1961-жылдагы 5 тыйын

Наркы: $3000.

1961-жылдагы 5 тыйынды жасоо үчүн үч штемпелди (2.1; 2.2; №3) жана эки «оборотнойду» (А; Б) колдонушкан. Эң сейрек кездешүүчү монета болуп. 2.2–Б монетасы эң сейрек кездешүүчү монета болуп саналат.

5. 1957 - жылдагы 1 тыйын

Наркы: $9000.

Алюминий аралашкан колодон 1957-жылы даярдалган 1 тыйындык эң баалуу болуп саналат. Анткени, ал жерде лента 15 айланбайт, 16 жолу оролгон.

4. 1947-жылдагы 15 тыйын

Наркы: $15000.

Бул тыйындар жасалганы менен, белгисиз себеп менен элдин колуна тийген эмес. Канча жасалганы да белгисиз. Аукциондо бирден сатылат.

3. 1958-жылдагы тыйындар

Наркы: $53000.

Соода автоматтары үчүн 1958-жылы атайын даярдалган. Булар өзгөчө куймалардан (нейзильбер-10дон) даярдалган, бирок 1961-жылдагы реформадан соң жүгүртүүдөн алып салынган. Көпчүлүгү эритилгени менен, бир азы уурдалып кеткен, ошол үчүн өтө сейрек кездешип, астрономиялык баада сатылат.

2. 1925-жылдагы жез «червонец»

Наркы: $76000.

«Червонец» алтындан эмес жезден бир нече даанасы гана жасалган. Ошондуктан өтө баалуу болуп эсептелет. Азыр белгилүү болгондору Пушкиндин музейинде экөө жана Гознактын музейинде үчөө сакталып турат.

1. 1929-жылдагы 50 тыйын

Наркы: $150000 (10 млн.рубль)

Жез-никелдин куймасынан бир гана экземпляр жасалган. 2020-жылы «Знак» аукционунда бир монета 10 миллион рублга сатылган.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости