www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди.
“Жабдуулар, линиялар – баары эскирди, жогорку чыңалууларга чыдабай жаткандыгы белгилүү. Президентибиз бул маселени чечүү үчүн электриктерге иштегенге шарт түзүү милдетин алдыңкы планга койгон. Акыркы эки жылда биз энергетикада бир топ жаңыланууларга бардык. Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет”, - дейт ал.
Акылбек Жапаров энергетиктерге 29 атайын жаңы техникалардын ачкычын тапшырып жатып, жалпысынан 2023-жылга 359 миллион сомго 76 атайын жаңы техника алынаарын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg