www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам боюнча бойго жеткенде атыңды Усама Бен Ладен деп өзгөртүп алуу эбак мүмкүн болсо да, ага ички баалуулуктарың жол бербейт. Мындай пикирин адам укугун коргоочу Эржан Сулайман билдирди.
"Дүйнө тилдеринин арасында кыргыз менен казактын (дагы бир катар эгеменсиз боордош элдердин) тилинде гана Мекенди "АТА" га байланыштырып аташат: Ата Журт, Ата Мекен.
Орус тилинде "Родина - мать" дешет, англис тилинде MOTHERland (эненин жери), айрым түркий элдерде "Анаюрт" (Эне журт), "Ана ватан" (Эне мекен) дешет. Бирок кыргызда Жер Эне деген түшүнүк бар.
Кыргыздын улуттук салты, диний баалуулуктары сакталып жашашы үчүн биринчи кезекте алар реалдуу жашоодо практикаланышы керек. Мыйзам боюнча бойго жеткенде атыңды Усама Бен Ладен деп өзгөртүп алуу эбак мүмкүн болсо да, ага ички баалуулуктарың жол бербейт.
Кыргызда "Жээн эл болбойт, желке тон болбойт" деген дагы сөз бар. Санжыра муундар аралык биологиялык чынжырчаны камтыйт (ата - уул). Жээндер санжырага кирбейт. Тай ата жээн-небересин уул кылып жаздырып алса, анда документ жүзүндө кызы атасынан төрөгөн болуп калат, уулунун апасы өз кызы болгон соң.
Ошондой эле жетим энелер жок эмес. Ар ким өзүнө өлчөп көрүп, чалкасынан кетип атат. Бул силерге тиешеси жок. Түрдүү, татаал тагдырлар болот.
Биологиялык атасы белгисиз же баласынан баш тарткан болсо, балага кам көргөн энеси гана болгон соң, мамлекет кам көргөн жалгыз инсанды катташ керекпи? Же атасы дайынсыздарга президентти, депутаттарды четинен ата кылып жазышсынбы?
Конституциялык Сот бул мүмкүнчүлүктү да төрөлгөндөн бербептир, 16 жашка толгондо гана баланын өзүнүн эрки менен апасын жаздыртуу мүмкүн экен. Өз атын өзгөртүү мурунтан мүмкүн болгон сыяктуу эле. Бирок жумурай журттун баарынын аты-жөнү энеси тарапка өзгөрөт, 7 апаны билүү киргизилет, Ата Журт эмес, Апа Журт болот дегенге жатпайт да!
Мыйзамдар диний ченемдерге байланбайт, диний ченемдерди жашообузга киргизүү, колдонуу, баалуулуктарды кармануу - ал бизге милдет. Мыйзамга миллионер болууга уруксат деп жазып койсо, эл журт миллионер болуп кетпейт, ал мээнетке байланган болот.
Эгер ар ким апасынан жазылганда, атасы боюнча бир туугандар билбей үйлөнүп алышы мүмкүн деген дагы терс тобокелдик жаралмак. Мындайды болтурбоонун эң маанилүү жана негизги ыкмасы - жоопкерчилик менен үйлөнүү, аталык милдеттерди аткаруу, үй-бүлөнү көздүн карегиндей сактоо, айтор ата-бабалардын жолун жолдоо.
Чечендерде карылар үйү, балдар үйү жок дешет, мыйзамында жок болсун деп коюшкан үчүн деп ойлойсуңарбы? Баалуулуктар күнүмдүк турмушта сакталгандыктан ошондой.
Эч бир мыйзамыбызда мечиттер салынсын, мырзалар жума намазга он, жүз миңдеп барсын деп жазылган эмес, бирок жашоодо ошондой.
Плохому отцу матчество мешает болду эми...", - деп билдирди Эржан Сулайман.
Булак: NazarNews.kg