www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ооруканага жаткырылганы айтылды.

Маалым болгондой, ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Бүгүн, 13-сентябрда, Башкы прокуратураЭнергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, Бекмурзаев 2021-2022-жылдары кызматынан пайдаланып тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Россияга кызматтык иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирген.

Мындан тышкары, министр "Теплые ключи" ден-соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо "Б." аттуу ЖЧКны 15 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан.

Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке жана жеке жактарга ири өлчөмдө зыян келтирилгени кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости