www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-сентябрда, Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Кадамжай районундагы секелектин өлүмү боюнча ИИМдин маалыматын угушту.

Эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков айрым мектеп окуучулары өтө кыска юбка кийип жүргөнүн билдирди.

«Өзүңүз айткандай, интернетте зордук-зомбулук көп, мунун баарын жаштар көрүп жатышат. Мигранттарга жумуш бере албайбыз, бирок участкалык милиция кызматкерлери балдарын каттоого алып, карай алышат. Бирок, ошол эле кызматкерлер мектептерге келип, мектеп формасын да тизгиндей алышат. Жакында мектепке бардым, кээ бир окуучу кыздар өтө кыска юбка кийип жүрүшөт. Менимче, кээде кыздар өзүн-өзү провокациялайт. Жөнөкөй адам өтүп кетет, аны байкабай калат, бирок педофилдер кыздарды көрүп, артынан аңдышат», - деди депутат.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.

Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алуу керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости