www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштон Бишкекке аткезчилик жол менен зер буюмдарды алып бара жаткан кишилер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдирди.

Изъятие контрабандного золота в аэропорту Оша - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022

19-март күнү Ош милициясы "Түштүк" бажы кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Өзбекстандын төрт жаранын колго түшүргөн. Маалымат кызматынан билдиргендей, алар алып бара жаткан зер буюмдардын жалпы баасы 18 миллион сом деп бааланды.

"Бул зер буюмдардын бардыгын өздөрү тагынып алышкан. Мыйзам боюнча 2 миллион сомдон жогору бааланган зер буюмдар бажы декларациясынан өткөрүлүшү керек. Кармалгандар бири-бирине жакын туугандар экени аныкталды. Алар Өзбекстандан "Достук" өткөрүү пункту аркылуу кирип, Оштон Бишкекке учуп кетүүнү көздөп жатышкан", — деди милициядан.

Аталган факт Ош милициясынын электрондук журналына катталып, жерине ыкчам-иликтөө тобу жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости