www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Москва–Бишкек» багыты боюнча аба каттамдар жанданды

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва–Бишкек–Москва» багыты боюнча эртең мененки каттамы 2022-жылдын 22-мартынан тартып жандандырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Бишкек каттамын күнүнө эки жолу, эртең менен жана түштөн кийинки убакта аткармакчы.

Авиабилеттерге байланыштуу суроолор боюнча авиакомпанияга кайрылуу керек.

Ошондой эле, каттамдар боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алууга болот: «Манас» - 0 312 693109 жана«Ош» - 0 3222 90101.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости