www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын азыркы тарыхында Режеп Тайип Эрдогандын орду өзгөчө. Ал ондогон жылдардан бери өлкөнүн саясий багытын аныктап келе жаткан лидер. Бирок анын мүнөзү, башкаруу стили жана бекем ишенимдери кайдан калыптанды деген суроонун жообу көбүнчө анын ата-энесинин тарбиясынан башталат.
Эрдоган өзү да муну жашырбайт: «Мен апамдын дубасы, атамдын катуу тартиби менен өстүм» деп көп айтат. Бул сөз анын өмүр жолу менен толук шайкеш келет.
Режеп Тайип Эрдогандын атасы Ахмет Эрдоган деңизчи, Түркиянын жээк коопсуздук кызматында көп жыл иштеген капитан болгон. Аскердик тартип, тактык, жоопкерчилик анын үй-бүлөдөгү негизги принциптери эле. Ахмет Эрдоган балдарын катуу, бирок адилет тарбиялаган, ысырапкорчулукка жол бербеген, эмгек менен жашоону үйрөткөн.

Президент Эрдоган атасын абийирдүү, башын эч кимге ийбеген, түз мүнөз адам катары эскерет. Анын айтымында, дал ушул тартип жана жоопкерчилик кийин өзүнө да мүнөздүү болуп, чечкиндүү лидер катары калыптанышына шарт түзгөн. Эрдогандын авторитаризмге жакын башкаруу стили да айрым учурда атасынан калган катуулук менен түшүндүрүлөт.
Апасы Танзиле Эрдоган болсо, тескерисинче, сабырдуу, ыймандуу, үй-бүлөгө берилген аял болгон. Ал балдарына мээрим, ишеним жана руханий баалуулуктарды сиңирген. Эрдоган көп жолу апасынын дубасы анын жашоосунда өзгөчө роль ойногонун белгилеп келет.

Танзиле айым жөнөкөй турмушта жашап, конокчул, кең пейил адам катары таанылган. Үйүндө дайыма конок болуп, дасторкон мол жайылган. Бул чөйрө Эрдогандын элге жакын, жөнөкөй тил менен сүйлөгөн, массаны түшүнгөн саясатчы болушуна таасир эткени талашсыз.
Эрдоган бала кезинен эмгекке аралашкан. Ал суу сатып, үй-бүлөсүнө жардам берген. Бул турмуштук тажрыйба ага эмгектин баркын, элдин жашоосун терең түшүнүүнү үйрөткөн. Кийин саясатта элге жакын болуусу, карапайым катмарга таянуусу дал ушул балалык мезгилден башат алган.

Атасы берген тартип менен тарбия Эрдогандын катуулугун, чечкиндүүлүгүн калыптандырса, апасы берген ыйман жана мээрим анын диний жана улуттук баалуулуктарга таянган саясий линиясын бекемдеди. Ошондуктан Эрдогандын саясатында дин, улуттук кызыкчылык жана күчтүү мамлекет идеясы дайыма алдыңкы орунда турат.
Ал эл алдында апасы үчүн дуба кылып, атасын тартип менен адептүүлүктүн үлгүсү катары эскерип келгени, ата-энесине болгон ыраазычылыктын жана алардын таасиринин айкын далили.
Ахмет жана Танзиле Эрдогандар байлык же бийлик эмес, тартип, ыйман жана эмгекчилдик менен уул тарбиялашкан. Натыйжада ошол жөнөкөй үй-бүлөдөн Түркиянын эң таасирдүү лидерлеринин бири чыкты.

Ахмет Эрдоган 1903-жылы Ризе облусунун Гюнейсу районунда төрөлүп, башталгыч билимди алган соң, 1918-жылы Зонгулдак шаарына көчүп барып, туугандарынын колунда жашап, билимин уланткан. Кийинчерээк деңиз тармагында кесиптик даярдыктан өтүп, Түркиянын жээк коопсуздук кызматында капитан болуп иштеген. Өмүрүнүн алгачкы жылдарын Кара деңиз аймагында өткөрсө, 1950-жылдардын башында үй-бүлөсү менен Стамбулдун Касымпаша районуна көчүп келген. Ахмет Эрдоган 1988-жылы Альцгеймер оорусунан 83 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ал жашоосунда тартипке, эмгекке жана абийирге таянган, сөзүнө бекем, балдарына талапты катуу койгон адам катары эскерилет. Жөнөкөй, бирок принципиалдуу жашоосу менен ал уулуна бийлик эмес, тартип менен абийирдин мурасын калтырып кеткен.
Режеп Тайип Эрдоган өзү 1954-жылдын 26-февралында Стамбулдун Касымпаша районунда төрөлгөн. Орто билимин имам-хатип лицейинде алып, кийин Стамбулдагы Мармара университетинин экономика жана башкаруу факультетин бүтүргөн. Жаштайынан эле коомдук жана саясий иштерге кызыгып, 1990-жылдары активдүү саясатка аралаша баштаган. Алгач ири жогорку кызматты 1994-жылы Стамбул шаарынын мэри болуп шайланганда аркалаган. Бул кызматта ал шаар чарбасын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү менен эл арасында кеңири таанылган.
Эрдоган өлкө деңгээлиндеги жогорку бийликке 2003-жылы премьер-министр болуп келип, саясатта кадыр-барк күттү. Ал бул кызматты 2014-жылга чейин аркалап, андан соң 2014-жылы Түркиянын президенти болуп биринчи жолу шайланган. Кийин 2018 жана 2023-жылдардагы шайлоолордо дагы жеңишке жетип, президенттик кызматын улантты. Ошентип, Эрдоган Түркияны 2003-жылдан бери, башкача айтканда 20 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келе жатат.
Үй-бүлөлүк жашоосунда Режеп Тайип Эрдоган 1978-жылы Эмине Гюльбаран менен баш кошкон. Алардын төрт баласы бар. Уулдары Ахмет Бурак жана Неджметтин Билал, кыздары Эсра жана Сүмейе. Балдарынын баары жогорку билимди Америкадан окуп алышкан.
