www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-ноябрга караган түнү “Асанбай” борборунда карантиндик режимди бузуу фактылары аныкталды. Аталган мекеме Студенттер күнүнө карата 600дөн ашуун адамга арналган массалык иш-чара өткөрдү.

Бул Октябрь акимиатынын, Ички иштер башкармалыгынын, Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын кызматкерлеринен турган мобилдик топтун рейди учурунда белгилүү болду. Топ мекемелердин санитардык нормаларга шайкештигин текшерди.

“Асанбай” борборунун жетекчилерине карата Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору өкүлү Чынара Кабылованын айтымында, ээси юридикалык жак болгондуктан, айып пулдун суммасы 13 миң сомду түзгөн. “Эгерде мыйзам бузуулар кайталана турган болсо, анда дагы протокол түзүлөт, андан кийин кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды Ички иштер башкармалыгына өткөрүп беребиз” – деди ал.

Ошондой эле, түн ортосунда элди мекемеден алып чыгышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости