www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президенттин администрациясындагы реформа менен катар райондордун акимдерин ротациялоо иштери да жүргүзүлдү. Түндүктөгү райондордун акимдери түштүккө, ал эми түштүктөгү райондордун акимдери түндүккө жөнөтүлдү. Райондордун акимдерин ротациялоо жакшы жемишин берет», - деди Президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов.

Анын айтымында, жарлыктын алдында мурунку Президенттин аппаратында, азыркы Президенттин администрациясында комплекстүү иштер жүргүзүлдү.

Сынактан бардык акимдер өтүп, ачык жана кылдаттык менен уюштурулган. Камералар орнотулуп, комиссиянын курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана мурун жогорку кызматтарды ээлеген жарандар чакырылды.

Болжол менен 20 чакты аким сынактан өтө алган эмес. Айрымдары өз каалоосу менен кызматын тапшыруу тууралуу арызын жазды.

Андан кийин сынактын жыйынтыктары жарыяланып, түштүктөгү райондордун акимдерине түндүктө, түндүктөгү райондордун акимдерине түштүктө эмгектенүү сунушталган.

Советтер Союзунда 70 жыл бою ушундай болгон. Жетекчилер партия жөнөткөн аймакта эмгектенип келген.

«Азыр биз эмнеден кутулдук? Биринчиден, аким башка районго барса, салыштырууга негиз бар. Салыштыруу — бул адамдын өнүгүшү жана кесипкөйлүк үчүн чоң күч. Мисалы, Базар-Коргон районундагы кырдаал Жети-Өгүз же Ысык-Көл районундагы абалга окшош эмес. Алгач алар салыштырат.

Экинчиден, жергиликтүү бийлик менен макулдашып иш жүргүзөт. Үчүнчүдөн, алар жаңы ыкмалар менен жаңы чечимдерди кабыл алууга үйрөнөт.

Төртүнчүдөн, мурун акимдер кызматтан алынганда абал оорлоп кетчү. Жергиликтүүлөр Жогорку Кеңешке кат жазып, акимди кызматтан бошотпоо талабы менен жол тосуп, президентке, өкмөткө кайрылып турган», - деди С.Касмамбетов.

Бул чечим коомчулук тарабынан да жакшы кабыл алынып, партиялар, саясий күчтөр жана мурунку жетекчилер да колдоого алганын кошумчалады.

Ал эми мурда айына же жумасына бир ирет болуучу пландоо иштери эми күн сайын жүрүп жатат.
Ал эми акимдердин иш режимине келсек — алар күн бою объекттерде болуп, ал эми жыйындар кечкисин өтөт. Администрациянын отуруму кечки саат 18:00 — 19:00дөн кийин башталат. Ушундай эле режимге министрликтер өтүп, күндүз иштерди оперативдүү жүргүзүүгө ыктайт. Андыктан ротация жакшы натыйжаларын бермекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости