www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарынын жака белине жакындашты жана тажик аймагы менен байланыштырган өткөөлдү кармап турушат. Согушкерлер акыркы жумаларда улам бир районду өз көзөмөлүнө алып келе жатышат.

Шаршембиде Конгрессте сүйлөп жатып, АКШ куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабдарынын кол башчысы, генерал Марк Милли 419 райондук борбордун 81и козголоңчулардын колуна өткөнүн билдирди. Анын айтымында, алар 60 борборду былтыр, америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу жараяны баштала электе басып алышкан.

АКШ баштаган коалициялык күчтөрдү биротоло алып кетүү иштери 1-майдан 11-сентябрга чейин уланары айтылган.

22-июнда талибдер Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн - Кундуз провинциясынын борборунан 50 километрдей жердеги Шерхан Бандар шаарчасын ээлешкен. Талибан эртеси чек арадагы соода солгундабай турганын билдирди.

Шаршембиде согушкерлер Кундуз шаарын курчоого алышты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, оор салгылашуулар жүрдү, электр энергиясын берүү, жүк жеткирүү үзгүлтүккө учурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости