www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латын алфавитине өтүү керекпи? Бул маселе учурда коомчулуктун эрмегине айланды. Түрдүү талкуулоолор болуп жатат. Антсе да талаштан тактык жаралат эмеспи. Бул багытта биз менен Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов ой бөлүштү.

- Сулайман агай, латын алфавитине өтүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?

- Албетте, бул өзү отуздун тегерегиндеги тамганы жаттап алып эле ошону шатыратып окуп же жаза берүү деген кеп эмес. Чоң бир тоскоолдуктарды жарата турган психологиялык маселе. Мына бизди курчап турган айлана-чөйрөнүн баары тең иш-аракет, тамга, белгилер. Ушунун баары адамдардын менталитетин түзүп турган нерсе. Ошондуктан өзүбүзгө ылайыктап туруп, латын арибине өтүүгө мажбурбуз.

- Эмнеге? Өтпөй койсок бир нерсе жоготобузбу?

- Дүйнө элдери ар кандай жол менен латын алфавитине өтүп жатат. Бул дүйнөдө эң көп колдонулган арип болуп калды. Мисал үчүн ошол эле орустар менен кытайлар, армяндар, грузиндер, индустар дагы латын алфавитинин негизинде өздөрүнүн “латиницасын” түзүп алган. Аны эл аралык байланыштарда колдонууда. Ошону менен бирге эле өзүлөрүнүн арибин дагы көздүн карегиндей сакташууда. Демек биз дагы дүйнө элдеринен кем кала албайбыз да. Дүйнө менен бир шекилде колдонушубуз керек. Мына кытайлар деле иероглиф менен бирге “пенин” деген латын тамгалар топтомун ийгиликтүү колдонушат. Орустар “русская крилица” дегени бар ошону колдонушат.

- Айтмакчы, буга чейин дагы түрк тилдүү элдердин бирдиктүү алфавитин түзүү демилгелери чыккан эле...

- Түрк тилдүү өлкөлөрдө латын алфавитине өтүүнүн өзүнчө тарыхы бар да. 90-жылдардын башынан тартып эле латын арибине өтүү маселеси абдан курч козголуп келет. Баардык түрк тилдүүлөр бири-бири менен жакшы түшүнүшүп туруу үчүн Түркияда латын арибинин негизинде орток алфавит түзүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок, аны ошол кездеги Түркия парламенти баш болуп бир дагы парламент кабыл албай койгон. Түрк дүйнөсү үчүн бул өтө чоң зыян, жоготуу болду. Орток алфавит демилгеси ошону менен өлдү дагы, азербайжандар өзүнчө, түркмөндөр өзүнчө латын алфавитин түзүп алышты. Өзбектер болсо такыр эле Американын орфографиясына ылайыктап кетишти. Казактардыкы таптакыр башкача. Анткен менен алар өз алдынча түзүп алган ал арибин бүгүнкү күнү деле оңчулуктуу колдоно албай келишет. Эми биз ушуну эске алып, тилибизге ылайык колдонула турган, башкалардыкына карама-каршы келбей турган варианттын алып чыгышыбыз керек. Ал татаал болбой, жөнөкөй болушу керек.

Уландысы бар

Булак: NazarNews.kg

Последние новости