www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү эле. Айтматовдун туулган күнүнө карата редакциябызга эскерүү келип түштү. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыздар:
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович менен кеңири маек жасасамбы деп жүргөн. 2004-жылы макулдашып, Ала-Арчадагы үйүнө кечинде бармак болдум. Бир топ суроолорума жооп алсамбы деген түпөйүл маселе турду. Агезде мен "Азаттыкта" иштечүмүн. "Кечинде Чыкеме барам" деп Жаркын Темирбаевага айта салбаймынбы, "кошо барайын" деп калды. Жаркын эженин тикеден чыга калып суроо берип ийбей мүнөзүн жакшы билер элем. "Эже, макул, бирок, бир гана шарт менен барасыз. Мен эле суроо берем. А сиз үн дебей микрофонду кармап турасыз", - дедим. Эже эптеп эле мени менен бара турганына корстон болуп, "сен эмне десең ошо", - деп калды. Ошентип кечинде Ала-Арчадагы Чыкемин үйүнүн алдынан жолукмай болдук. Кечки саат 7де мен келдим. Бир аздан соӊ Жаркын эже келди, ал жөн келбей кичүү кызын ээрчитип алыптыр. Эмне дейм? Кызыӊызды тим эле койбойсузбу деймби? Ал аӊгыча эле Жаркын эже: "Чыкебизден кызыма бата алып берейин", - деди.
Үчөөбүз ээрчишип Чыкемин үйүнө кирдик. "Кел, Султан кандайсың? Бул карындашымды тааныбайт экем. Мен аларды тааныштырдым. "Бул периште кыз, сенин кызыӊбы?", - деп калды. "Жок, Чыӊгыз агай, бул менин кызым. Сиз менен жолугушууга баратам десем, ой-бойго койбой ээрчип алды", - деди эже ынгайсыздана... "Бала деген периште...", - деди Чыкем. "Жакшы болот. Чыӊгыз агай кызыма бата берип койсоӊуз, өмүр бою унутпай жүрөт", - деди эже өзүнө батпай...
Ошентип түн бир оокумуна чейин сүйлөшүп отурдук. Чыкем менен азыркы мезгил, глобализация, адабият, ыйман, бийлик, генийлик менен тирандык... Айтор, көп маселе тууралуу сүйлөштүм. Кийин ал маегим "Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк" деген аталышта жарык көрдү. Чыкемдин 7 томдугуна эң мыкты маек катары кирген...
Чай да ичтик, даам да сыздык. Саат 12ден өтүп кетти. Жаркын эже: "Чыңгыз агай, сиз менен сүрөткө түшүп алсак болобу?", - деп калбаспы. "Сүрөткө халатчан түшсөм болбойт го, кийинип чыгайын", - деп калды Чыкем. Биздин ушундай деле болот дегенибизге болбой, аркы бөлмөгө кирип кетти. Мен болсо Жаркын эжеге саатты көрсөтүп, "Канча болду? Сүрөткө башка күнү түшөт элеӊиз го", - деп калдым. Чыкем костюм, шым кийип, галстук тагынып чыкты. Сүрөткө аябай түштүк. Аягында эже кызына бата сурап калды. Чыкем сонун бата берди. Чыгайын деп калганда, баягы Жаркын эжем "бир суроо берсем болобу?", - деди. "Бер, бере бер", - деди Чыкем.
"Чыңгыз агай, Сиз өмүрүңүздө Бүбүсарадай эч бир аялды сүйбөсөӊүз керек?", - деп күтүүсүздөн суроо бере салды. Мындай суроону угаары менен Чыкем столго отура кетти, мен болсо жер жарылып кетсе кирип кетейин деп жер тиктеп турам. Аркы бөлмөдө жеңебиз...
Чыкем болсо, оор үшкүрдү да, терең ойлуу, кыска, нуска: "Ал ошондой", - деди.
Чыкемдин оор үшкүрүгүнөн Улуу сүйүүнүн жанар тоодой болгон күчүн да, кусалыкты да, муӊду да, бактысын да, арманын да, кайгысын да, кубанычын да сездим. Ошондогу үшкүрүк ушул убакка чейин кулагымдан кетпей жүрөт, жаӊырып... Ал улуу сезимдин үшкүрүгү эле...
Султан Раевдин эскерүүсү
Булак: NazarNews.kg