www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чек ара маселесине Артём Новиков эмес, тең ата сүйлөшө турган адам керек” - деди NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов.
--“Бул жерде кайра эле кайдыгер мамиле кылып жатабыз. Кыргыз-тажик чек арасы маселеси биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун бул маселени чечүүдө анчалык укугу жок. Себеби, ал чек арачы дагы эмес. Азыр ага жөн эле тапшырып коюшту. Тажик тараптын аны менен сүйлөшө турган чиновниктеринин жашы 60тан өтүп калган. Алар чек ара маселесин аябай жакшы билет. Көп жылдык тажрыйбалары бар адамдар. 35-36га келген Новиков алар менен эмнени сүйлөшөт? 60 жаштагы адамдар менен тең ата сүйлөшкөн адам керек. Новиковду сындаганым эмес, бирок аны алмаштырыш керек. Муну президент өзү колго алып, Рахмонго чыгып, ЖККУну, ШКУну тартуу менен чечиши керек. Чек арага, коопсуздукка өтө кылдат көңүл бөлбөсө жаман. Бардык коомдун эң биринчи талабы - коопсуздук. Азыр президент Садыр Жапаровго Кыргызстандагы чек ара көйгөйүн түшүнгөн адамдарды чогултуп, маселени тезинен чечиши керек”, - дейт Айжигитов.
Булак: NazarNews.kg