www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Султанбай Абдрашитович, сиз баягүнү комитетте жайыт жөнүндөгү долбоор каралып жаткан учурда нааразылык билдирип, залдан чыгып кеттиңиз. Эмне, ал мыйзам ошончолук эле талаштуубу?

-- Кеп жайыт жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу болуп жатат. Ал өзгөртүүнүн бир эле максаты бар – жайыттарды менчиктештирүүгө жол ачуу. “Колдонулбаган, кунары кеткен жайыттарды өздөштүрүү керек” деген сыяктуу шылтоолорго жамынып жатышпайбы.

Биринчиден, Жер кодексинде да, өкмөттүн 2003-жылы чыккан 515-токтомунда дагы жайыттарды башка багытта колдонсо болот.

Бирок, айыл өкмөтүнүн, акимчиликтин деңгээлинде, эл менен бирге. Бул жагынан жол ачык эле. Бирок, ал менчиктештиргенге жол бербейт. Эми булардын максаты менчиктештирүүгө жол ачуу. Эгер ошончолук эле өздөштүргүлөрү келсе, жылына жүз миң гектардай айдоо, сугат жердин кунары кетүүдө. Эмнеге ал жерлерди өздөштүрүп, калыбына келтиришпейт?

Бүгүнкү күндө сатылбаган, менчиктештирилбеген жайыттар эле калды. Эми баары ошого көз кызартып турушат. 30 жылдан бери менчиктештирүү практикасы биздин башыбыздан өттү го.

Канча заводдорду менчиктештергенде “жаңы өндүрүштөрдү алып келебиз, жогорку сапаттагы товарларды чыгарабыз” дешкен. Бирок, натыйжасы эмне болду?

Талкалап, металл сыныктарына айлантып сатышты, ордун базарларга айлантышты. Колхоз-совхоздор деле ошондой. “Артта калган колхоз-совхоздор менчиктештирилет” дешкен.

Бирок, биринчи кезекте талоонго кайсылар учурады? Эң кирешелүү чарбалар. Азыр да жайыттардын тагдыры ошондой болуп калабы (?) деген реалдуу коркунуч бар.

-- Сиздин айтымыңызда, бүгүнкү күндө “сибирь жарасы” ылаңы менен өлгөн малдар көмүлгөн жайлардын абалы өтө кооптуу окшойт...

-- Аябай кооптуу. Мен сизге бир эле мисал айтайын, Советтер Союзунун учурунда Екатеринбургдагы бир лабораторияда пробиркаларды жууган соң булганыч сууну адашып жалпы канализацияга куюп салышкан.

Натыйжада ошол айылда жашаган эки миңден ашык киши үч күндө көз жумган. Ал кезде СССР күчтүү эле локалдаштырып, коркунучту жок кылышкан. Бүгүнкү күндө бизде ошондой утечка болсо, жойгонго мүмкүнчүлүгүбүз барбы?

Оорулуу мал көмүлгөн 1227 жер болсо, ошонун 52си эле дайын. Алар айыл өкмөттөрүнүн балансында турат. Ал эми калган 1150дөн ашыгы дайынсыз да.

Эгер бир жерден эле таркап кете турган болсо, чоң кырсыкка алып келиши мүмкүн. Союз маалында эскирип, жарабай калган пестициддерди көмүп коюшчу. Пестициддер эскиргенде кадимки эле цианид калийи сыяктуу ууга айланат.

Азыр эми биздин кээ бир шылуун адамдар ошолорду таап, мүшөктөргө салып, сатып жаткан фактылар бар экен. Аны дыйкандар колдончу болсо, айыл чарба азык-түлүктөрү баары ууланат да. Аны жеген адамдар да массалык түрдө ууланышы ыктымал.

Бул биздин элибиздин ден соолугуна түздөн-түз коркунуч. Ошондуктан, анын алдын алыш керек!

Булак: Азия News гезити

Последние новости