www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда социалдык тармактарда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылган виртуалдык митинг жүрүүдө.

Белгилей кетсек, митингдин катышуучулары 13 жашар кызды зордуктоо үчүн айыпталып жаткан үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнүн күнөөсүн жеңилдеткен чечим чыгарылгандыгына нааразычылыгын билдирүүдө.

Аталган окуя боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бул ишти өкмөт карай тургандыгын билдирди.

 

Эске салсак, Тоң райондук соту 11-декабрда 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актады. Бир гана айыпталуучуга мөөнөт берилди, бирок далилдер болгондугуна карабастан, сот ага жеңил беренени колдонгон.

Бул окуянын өзү эле эмес, сот учурунда үлгүрөп отурган судьянын кылыгы коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости