www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук прокуратурасында улук прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин Изин суутпай издөө жана тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Ильич Исманбетов билдирди.

Белгилей кетсек, Сарыков Ош шаардык сотундагы отурумга мас абалында катышып, андан соң судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда интернетке тараган.

Ильич Исманбетов кесиптешине байланышкан бул окуяны жарым-жартылай тастыктап, ал коопсуздугуна байланыштуу терезеден чыгып кеткен болушу мүмкүндүгүн айтты:

«Терезеден чыгып кеткени боюнча иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен так маалымат берилет. Менин укканыма караганда, отурумда эл көп болгондуктан коопсуздугуна байланыштуу ушундай кадамга барган».

Интернеттеги ачык булактар аркылуу Союзбек Сарыков аттуу киши Кара-Кулжа, Өзгөн райондук прокуратурасында иштеп кеткендиги жөнүндө маалымат табууга болот. Кесиптештери ал көп убакыттан бери облустук прокуратурада иштеп келатканын билдиришти.

Эске салсак, буга чейин соттук отурумга мас абалында катышып, кийин терезенин тосмосун сындырып качып кеткен прокурордун жоругу боюнча кабарлаганбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости