www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-декабрда Венера Касымова аттуу Facebook колдонуучусу өзүнүн баракчасына «мас абалда сотко катышкандан кийин терезенин тосмосун сындырып качып кетти» делген прокурор жаатындагы тасмаларды жүктөгөн.

Анда ал: «Мына биздеги Ош облусундагы мыйзам өкүлдөрү. Курманкул Зулушев кайда карап отурасыз? Кызматкерлериңиз мас абалында элди соттотуп жүрөт. Видеодогу сот терезеден прокурорду качырган», — деп жазган.

Видео тасмадан аял кишинин: «Мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби, сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албайсың, керектүү кызматтарга кайрылам», — деп беткапчан кишиге кайрылып жатканын көрүүгө болот.

Андан соң ал бөлмөгө кирип кеткенин, соттун имаратынын сыртынан тартылган тасмадан болсо терезенин тосмолору кайрылып калганын көрүүгө болот.

Видеонун автору терезеден качкан Союзбек Сарыков деген киши экенин айткан, бирок анын кызмат орду жөнүндө сөз кылган эмес.

Айрым интернет басылмалары терезеден качып кеткен кишини «судья» деп да жазып чыгышты. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Сагынбекова Ош облустук жана шаардык сотто Союзбек Сарыков аттуу судья жок экенин билдирди. Ошондой эле ал Сарыков прокурор болуп иштээрин тастыктады.

«Азаттыктын» ишенимдүү булактары тасмадагы киши Ош облустук прокуратурасынын прокурору Союзбек Сарыков экенин тастыктап, анын судьянын бөлмөсүнө кирип кеткенден кийин алкоголдук ичимдик ичкенин текшерүү үчүн адистерди күтүп жатканда кеңседен качып кеткенин айтышкан.

Интернеттеги ачык булактар аркылуу Союзбек Сарыков аттуу киши Кара-Кулжа, Өзгөн райондук прокуратурасында иштеп кеткендиги жөнүндө маалымат табууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости