www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус пандемиясы 2021-жылдын экинчи кварталында аяктайт жана глобалдык экономика бир жылдын ичинде кадимки калыбына келет. Бул тууралуу Даниянын Саксо Банкынын ( Saxo Bank) инвестициялык директору Стин Якобсен РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
«2021-жылдын экинчи кварталында пандемиянын бүтүшүн күтүүгө болот. Рынок буга чейин коронавирустук учурлардын кескин өсүшүнө көз чаптырып, экономика 2021-жылы кайра көтөрүлөт деп ишенип жатат», – дейт Якобсен.
Анын пикири боюнча, Азия экономикасы башкаларга караганда тезирээк калыбына келет.
«Кытай экономикасы биринчи чейректе ИДПнын өсүү темпин 10%га жакын көрсөтөт. Андан кийин Түндүк Европанын экономикасы, үчүнчү орунда АКШ, Улуу Британия жана Жакынкы Чыгыш турат. Бул илимдеги ачылыштын аркасында мүмкүн болот.
COVID-19 пандемиясы башталгандан тогуз ай өткөндөн кийин гана вакцина өндүрүлө баштайт деп эч ким айта алган эмес. Бул адатта эки-үч жылга созулат. Бул илимдин эбегейсиз зор жеңиши жана эмдөөгө таптакыр жаңыча мамиле.
Албетте, вирус мутацияга учурашы мүмкүн, бирок илим вирусту жеңип алса, анда анын бардык четтөөлөрүн жеңип чыгат деп ишенем. 2020-жылы илим дагы бир жолу жаңы нерсени ойлоп табууда адамдын жөндөмүнө ишенүү керектигин далилдей алды», – деди ал.
Булак: NazarNews.kg