www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Африкада 200дөн ашуун балыкчы Атлантика океанында табышмактуу ооруга чалдыккан. Илдеттен 15 адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Африкада илдеттен жабыркаган адамдар денелери катуу кычышып, эриндери шишип, көздүн кычышкандыгына даттанышкан. Мындан улам Африка өлкөсүнүн бийликтери булганган аймакта балык уулоого убактылуу тыюу салып, ал жердеги суудан алып,анализ жүргүзүүнү чечишкен.
"Көрсөтүлгөн аймактан анча алыс эмес жерде химиялык заводдор бар, ал жактан чыккан зыяндуу заттар суу менен океанга агып кетиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Ушул жылдын ноябрь айынын башында Нигериянын түштүгүндөгү Дельта штатында белгисиз оору кеминде 15 кишинин өмүрүн алып кеткени кабарланат. Каза болгондор 18ден 25 жашка чейинкилер болгону маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg