www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук биринчи жолу өз платформасында жек көрүү сөздөрүнүн басымдуулук кылган статистикасын жарыялады.
Компаниянын маалыматы боюнча, 2020-жылдын III чейрегинде колдонуучулар жайгаштырган ар бир 10.000 постко жек көрүү сөздөрүн камтыган 10-11 билдирүү болгон.
III-чейректе Фейсбуктун модераторлору жек көрүүнү козуткан 22,1 миллион билдирүүгө каршы чара көрүшкөн жана посттордун басымдуу бөлүгү алдын-ала, башкача айтканда, нааразы болгон колдонуучулардан арыз түшкөнгө чейин эле платформадан алынып салынган.
Мурунку чейректе бул билдирүүлөрдүн 22,5 миллиону модерацияланган. Фейсбуктагы "чара көрүү" дегенибиз, билдирүүлөрдү жок кылуу, колдонуучуларга эскертүү берүү, аккаунттарды өчүрүү же мындай билдирүүлөр жөнүндө маалыматты үчүнчү жактар менен бөлүшүү.
Facebook Inc компаниясына таандык дагы бир популярдуу Instagram социалдык тармагы да модераторлук кылган, анда 6,5 миллион билдирүү модерацияланган.
Булак: NazarNews.kg