www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик түзүм мөмө берген дарактардай болуусу зарыл. Мындай пикири менен Эмилбек Каптагаве өзүнүн Фейсбук баракчасында бөлушкөн.

Анын айтымында, мөмө жемиш өстүүрүдө шарттарды сактап, эрежеге баш ийип өстүргөн дарак жакшы мөмө берет, бул мисалдай эле шарттарды эсепке албай туруп кандай гана мамлекеттик түзүмдү сунуш кылбайлы - эч натыйжа болбойт"- дейт.

 "Жер жүзүндө мөмө берүүчү дарактын канча түрү, канча сорту бар? Саны көп эле го дейм... Курма, банан, апельсин, мандарин, лимон сыяктуулары шарты ысык жерлерде, алма, алмурут, алча сыяктуулары шарты мелүүн жерлерде өсөт... Ар биринин өзүнө жараша жер кыртышына, климаттык шарттына карата зарыл болгон талаптары бар. Мисалы бананды Ысык-Көлгө алып келип тигип канча аракет кылсаң да балээ жок... өспөйт... Ошол эле Ысык-Көлдө жакшы түшүм берип жаткан алманы Африкага алып барып тигип түшүм ала албайсың...

Мамлекеттик түзүм деле ошондой... Ар бир элдин, ар бир коомдун өзүнүн түзүлүшү, өзүнө жараша маданияты бар... Универсалдуу, бардык коомдорго, бардык элдерге туура келе бере тургандай мамлекеттик түзүм жок. Бирок, мөмө жемиш бактарындай эле, мамлекеттик түзүмдүн да өсүп-өнүп, мөмө-жемиш берип кетиши үчүн зарыл шарттары бар... Ошол шарттардын эң негизгилери - бул ошол элдин коомдук түзүмү, коомдоштукта жашоо ыңгайы, ошол түзүмдөргө карата калыптанып калган саясий жана укуктук маданияты. Бул шарттарды эсепке албай туруп кандай гана мамлекеттик түзүмдү сунуш кылбагыла - эч натыйжа болбойт. Мамлекеттик түзүм - бул коомдук түзүмдүн, ошол коомдогу саясий жана укуктук маданияттын туундусу. Ошондуктан Мамлекеттик түзүмдү анкытоодон мурда биз өзүбуздүн Коомдук түзүмдү аныктап, коомдун ички өз алдынча уюшуу жана өз алдынча башкаруу механизмдерин калыптандыруубуз зарыл. Натыйжада биз мамлекеттик бийликтин ээсин табабыз - ЭЛ деген түшүнүккө келебиз. Азыр бизде ЭЛ жок, болгону Кыргызстан деп аталган аймакта жашаган тургундар бар, аймакты ээлеп турган КАЛК бар. Бийликтин ээси жок. Ошондуктан кандай Конституция кабыл албайлы БИЙЛИК ээсиз кала берет, ал бийликке ээ болуучу киши дайыма табыла берет...

Американын же дагы башка жактагы мамлекеттик түзүм жөнүндө сөз кылуудан мурда - бизде ошол жактагыдай саясий жана укуктук маданият барбы? - деген суроого жооп издеш зарыл. Андай маданият жок болсо, анда ал жактагы түзүм бул жакта иштебейт. Африканын апельсинин Нарынга алып келип тигебиз, мол түшүм алабыз дегендей эле кеп болуп калат."- дейт Эмилбек Каптагаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости