www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын биринчи класстарынын окуучулары 30-ноябрдан тарта мектептерде окуй башташат, деп билдирди Ош мэриясынын басма сөз кызматы. 

Муниципалитетте вице-мэр Эмил Шадыханов, саламаттыкты сактоо боюнча координатор Кыялбек Ташполотов, шаардык СЭСтин жана шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан шаардык жарандык коргонуу штабынын жыйыны болуп өткөн. 

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Ош шаарында коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу байкалууда - 19-ноябрда шаарда оорунун эки гана жаңы учуру катталып, ал эми 18-ноябрда инфекциянын беш учуру катталган.  

Штаб 6-октябрдан бери онлайн режиминде окуп жаткан 1-класстын окуучулары үчүн окуу процессин 30-ноябрдан баштап калыбына келтирүү чечимин кабыл алды. Мектептерге барганда бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталууга тийиш.  

Мындан тышкары, жеке мектептер жана бала бакчалар кайрадан ишин улантышууда, бирок мамлекеттик бала бакчалар азырынча ачылбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости