www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Альбина Имашованы кимдер гана тааныбайт. Экрандын жүзү десек дагы аша чаппастырбыз. Мейли тасмада же сахнадабы берилген каарманды катыра ойногон актёр же актрисалар сейрек. Альбина мына ошол сейректердин бири.

- Кандай роль болбосун ийинине жеткире аткарган актрисанын кыялданган  ой-чабыттын канчасы ишке ашты болду экен?

- Тарыхый чыгармалардагы каармандарды аткаруу бул менин бирден-бир кыялым эле. Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетейде” Каныкейдин образын ойноп келе жатам. Ушундай чоң жоопкерчиликти мойнума жүктөп алуу оболу оңойго турган жок. Тарыхый баатыр асылзаттардын образын жаратуу кыялдарым акырындык менен орундалышына ишеним зор.  Ошол кыялдар кино жана театрда ишке ашат деген ойдомун.

- “Тумар ханышадагы” Амаганын образы сиз үчүн жазылгандай таасир калтырды...

- Акын Бактыгүл эже мынан бир топ жыл мурун мага китебин белеккке берди эле. Ошол китептен Амаганын протатиби жагып, ушуну чоң сахнада аткарсам деп бир кыялданып койгон элем. Бир нече жыл өткөн соң, Амаганын образы мага буюрулуптур.

- Кызганыч сүйүүдөн чыгат дешет. Андай эмес. Сүйүүдөн чыккан күндө деле, ал кудум оттун күлү сымал. Отту отттон чыккан күл, сүйүүнү сүйүүдөн чыккан кызганыч өчүрөт. Жолдошуңузду сиз көбүрөөк кызганасызбы же...?

- Жолдошум экөөбүз бирдей эле көз-караштабыз. Бири-бирибизди кызганабыз, кызганыч болбой жашоо жок болсо керек. Экөөбүздүн кесибибиз бир болгону менен иш тууралуу кызганыч болбойт, тек гана түшүнүү менен кабылдайбыз. Бирок өз жашообузда кызганыч болуп турат бирок чеги менен.

- Жолдошубуз от болуп күйүп турган кезде биз ага суу болуп беришибиз керек экен. Жолдошуңуздун ачуусу чукулбу?

- Арнистин ачуусу чукул, бирок бат эле жазылып кетет. Өзү куулугу жок адамдардын мүнөзү ачуусу тез келип бат жазылып кетет окшобойбу. Мендеги мүнөз дагы ошондой. Ачуум тез келгени менен бат жазыламын.

- Эки таланттуу үй-бүлө курса оңойчулугу көбүрөөк болдубу же кыйынчылыгыбы?

- Биз турмуш сапарына бирге аттанганыбызда эле оңойчулугу дароо сезилген. Бири-бирибизди түшүнүп, колдоп келгенибиз оңой болду. Турмуштун кыйынчылыктарын деле байкабадык, балким экөөюүз бирге кеңешип жеңип койдук чыгар. Мүнөзүбүз, табитибиз, дүйнөгө карата көз-карашыбыз, деги койчу баары бирдей болгондуктанбы, кыскача айтканда экөөбүз издешпей табышкандыгыбыз да ошондон го деп ойлоп кетем.

- Менин жолдошум –гений! Ал акчадан башкасын баарын жасайт деп Эйнштейндин аялы айтыптыр. Жолдошуңузга болгон бааңыз?

- Жашырганда эмне жолдошума салыштырмалуу менин бойум узунураак. Жолдошум чечкиндүүлүгү менен мени арбап алды. Ар дайым позитивдүү. Позитивдүү адамдарда турмушту алып кетүү да оңой го.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости