www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Нью-Дели шаарында “Индия - Борбордук Азия” диалогуна катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын алдыңкы кеңири профилдүү «Фортис» жана «Дхарамшила Нараяна» клиникаларынын жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуулардын негизги максаты - Индия клиникаларында кыргызстандык бейтаптарды дарылоо шарттарын оптималдаштыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо жана карап чыгуу болду.

Жолугушууда КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан алдыңкы маалыматтык технологияларды колдонуу үчүн шарттарды түзүүгө, медициналык адистерди даярдоого жана заманбап ооруканаларды курууга багытталган реформалар тууралуу айтып берди.

Чет мамлекеттерге, тактап айтканда, Индияга органдарын трансплантациялоо үчүн дарыланууга кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын көптүгүн эске алып, министр Р.Казакбаев телемедицинаны Кыргызстандын бардык жети облусуна жайылтуу, Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында диагностикалык борборлорду ачуу маанилүү экенин белгиледи. Бул контекстте министр өз ара кызматташуунун келечегин талкуулоо максатында индия дарыгерлерин Кыргыз Республикасына келип, медицина тармагын изилдөөгө чакырды.

Өз кезегинде «Фортис» ооруканалар тармагынын жетекчилиги Индия клиникасынын маалыматтык-консультативдик борборлорун Бишкек жана Ош шаарларында ачуу ниети тууралуу айтып берди, анын максаты кыргыз бейтаптарын «Фортис» клиникаларында дарылоону уюштуруу, ошондой эле органдарды трансплантациялоо боюнча тажрыйба алмашуу, Кыргыз Республикасынын дарыгерлери үчүн тренингдерди, мастер-класстарды өткөрүү.

«Дхарамшила Нараяна» клиникасынын өкүлдөрү жакын арада Бишкекте расмий өкүлчүлүгүн ачуу пландары тууралуу маалымдашты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү баада дарылоону уюштурууга даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Р.Казакбаев Индиянын «Фортис» жана «Дхарамшила Нараян» клиникаларынын жетекчилерин Кыргызстанга чакырып, зарыл жардамды көрсөтүүгө, анын ичинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана бизнес коомчулугу менен жолугушууларды уюштурууга даяр экендигин белгиледи.

Тараптар медицина тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо жана талкууланган сунуштарды андан ары ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости