www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-декабрда Бишкекте билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоону талкуулоого арналган тегерек үстөл болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билим берүү тармагындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо бул багыттагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштырууга багытталганын билдирди.

Анын айтымында, азыркы мыйзамдарда бир катар иштебеген ченемдер, боштуктар жана ашыкча жоболор бар. Белгиленген кемчиликтерди жоюу үчүн «Билим берүү жөнүндө» бирдиктүү мыйзамды кабыл алуу сунушталууда.

Андан ары иш-чаранын катышуучуларына «Билим берүү жөнүндө» КРнын мыйзамынын долбоору жана «Илим жана илимий-техникалык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамынын долбоору сунушталды.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору билим берүү жаатындагы аракеттеги мыйзамдарды бириктирип, тармактык мыйзамга айланат деп күтүлүүдө.

Жаңы мыйзам долбоорунда түшүнүктүк база кеңейтилген, мисалы, мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдик формасы, кошумча кесиптик билим берүү, дуалдык билим берүү, интеграциялык билим берүү аныктамалары киргизилген. Мезгил чакырыктарына ылайык мыйзам долбооруна электрондук билим берүү, электрондук кол тамга, мамлекеттик илимий-техникалык саясат, технопарк, технополис ж.б. түшүнүктөр кирген.

Мыйзам долбоорунда окуу жайлардын базасында илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүүгө, мектепте окутууга башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын киргизүүгө, илимий-техникалык иштеп чыгууларды коммерциялаштырууга багытталган ченемдер бар.

Ошондой эле документте билим берүү уюмдарын аккредитациялоону каржылоо булактарын, окуу сааттарынын кредиттик системасын жана билим берүү уюмдарынын каржылык отчеттуулук стандарттарын мыйзамдык жактан бекемдөө сунушталууда.

Билим берүү уюмдарынын каржылык өз алдынчалыгын камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине жана КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталып жатат.

Медициналык билим берүү мекемелери үчүн “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары мыйзам долбоорлоруна карата өз ойлорун, сунуштарын айтышты.

Айрым катышуучулар бул мыйзам долбоорлорунда көптөгөн мүчүлүштүктөр бардыгын, документ чийки экенин, аны кайра карап жана толуктап иштеп карап чыгууга муктаж экенин айтышты.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары ошондой эле «Билим берүү жөнүндө» мыйзам заманбап чакырыктарга жана талаптарга жооп бериши керектигин, ошондой эле ар тараптуу жана концептуалдык кайра карап чыгууга муктаждыгын белгилешти.

Белгилүү болгондой, учурда билим берүү жана илим чөйрөсүн алты мыйзам актысы жөнгө салат: «Билим берүү жөнүндө», «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө», «Мугалимдердин статусу жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө», «Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө», «Жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» жана башка ченемдик укуктук актылар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости