www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда 29-декабрдан тарта эмгек мигранттарына патент чип орнотулган карта түрүндө бериле баштайт, анда жарандын электрондук сүрөтү жана манжа изи болот. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин укуктук маалымат порталына жарыяланган буйрукта айтылат.

"Орусия Федерациясына виза талап кылынбаган тартипте келген чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга электрондук маалыматтар камтылган карта түрүндө бериле турчу патенттин формасы бекитилсин", — деп айтылат буйрукта.

Карта 8,5-5,3 сантиметр өлчөмүндө болот. Алдыңкы бетине жарандын сүрөтү, патенттин сериясы жана номери, аты-жөнү жайгаштырылат. Мындан тышкары, туулган күнү, жарандыгы, өздүгүн тастыктаган документтин сериясы менен номери, кесиби жана идентификациялык номери көрсөтүлөт. Экинчи жагына патенттин ээси Орусиянын кайсы жеринде эмгектенери, документти ким жана качан бергени жазылат.

Ал эми эски үлгү боюнча жасалган патенттердин бланкалары толук колдонулуп бүткөнгө чейин жарактуу болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости