www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Театр-жашоо күзгүсү
Музыка жаатында эӊ татаал жанр опера жанры экени калетсиз. Ырчылыктын бу тармагында татыктуу иштөө ары татаал, ары түйшүктүү, ары кызыктуу жол.
- Канчалык катуу шамал болбосун, ак чардак сүйгөн деӊизинен айрылбайт дешет. Чет жакта иш тажрыйбаӊызды сынап жүрөсүз, Кыргызстанды сагынган чыгарсыз?
- Кыргыздын ар бир сөзү бекеринен айтылбагандыктан, баары тамырлуу го деп ойлойм. Андыктан өз мекенибизден алыстаганда гана, туулган жердин топурагы алтын экенин даана сезебиз. Италияда алган иш-тажрыйбамдын натыйжасын өз эли-жериме чоӊ масштабдагы концерт берүүнү көп жылдар бою ойлонуп келгенмин. Океандын ары жагында билим алып, иштеп калсам дагы, күндүр-түндүр тээ көөдөнүмдүн түпкүлүгүндө Кыргызстаныма кандай пайда келтирсем экен деген ой жашап келет.
- Кайталангыс отчёттук концертиңизге эл күбө. Эмне себептен “Лучиано Павароттиге таазим” деп аталып калды?
- Антип атоонун да жөнү бар. Себеби ошол жылы Лучиано Павароттинин каза болгонуна 10 жыл болгон эле. Италиянын опера ырчылырынын эӊ алдыӊкы катарында турган, өз эли гана эмес дүйнөгө атагы тараган Павароттинин жаркын элесине арналган маданий иш-чаралар дүйнөнүн ар тарабында өттү. Көп жылдар бою Италия иштеп келсем, болгондо дагы Паваротти ырдап чыккан сахнада мен дагы ырдап калсам деген көөдөндө тилек бар эле. Анын арбагын сыйлап концерттин аталышын “Лучиано Павароттиге таазим” деп табышым дагы мына ошондон. Кыялым иш жүзүнө ашканына Кудайга миӊ мертебе шүгүр деймин.
- Концертте Павароттинин жубайы Николетта Мантовани конок болуп катышса, Италиянын опера ырчысы Давид Ла Верде ырдап чыкты. Кыргыз эли боюнча коноктордун оюн билсек...
- Италиянын көрүнүктүү ырчысы Николетта айымды, жана досум Давид Ла Верденин келүүсүнүн өзү мен үчүн сыймык болду. Алар тааныган Жеӊиштин боз чаӊ топуракка топуракка оонаган балалыгы кайсы жерде өткөн, аны тапкан ата-энеси кандай болду экен, окуткан устаттары кимдер мына ошолорду өз көзү менен көрүп билип таануу дагы кызык болгондур. Кыргызстан абдан кооз өлкө экенин айтышты. Кыргыз эли классика концертке суусап, руханий азык алганына бир чети кубанышса, бир чети мамлекет тараптан көӊүл бурулбай же бир өкүлчүлүгү келбей калганын байкашып ойлорун ачык билдиришти.
Ошондо Николетта айым: “Жеӊиш, чыгармачыл инсан бир-биринин ой-мүдөөсүн сезип турат. Концерт мыкты өттү, бирок мен бирнерсени баамдадым маданият министрлик тараптан бир дагы өкүлчүлүгү басып келбей койгонуна зээним кейиди” десе мен кадимкидей ызаландым... Астананын элчилиги Николетта айым менен байланышып Кыргызстанга келгенине таӊ калганын жашырышпаптыр. .. Жалпылап айтканда, коноктор Кыргызстандын ажайып кооздугуна суктанып, карапайым элибиздин жөнөкөйлүгүн, меймандостугун баа берип өз мекендерине кайтышты.
- Бирөөгө болгон ыраазычылыкты билдирбөө-белекти ороп, аны бербей койгон менен барабар. Устатка ыраазычылыгыӊызды кантип билдирет элеӊиз?
- Мен ойлойм кандай белек же ыраазычылык болбосун, чын жүрөктөн, ак көӊүлдєн чыкканга жетпейт. Ошого айтаар элем устатым Керим Тураповко тереӊ миӊ мертебе ыраазычылык билдирем. Мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энем болсо, жашоодо түз жолго салган, кесип тандоодо туура жолго салган бул менин устатым деп билем. Өжөрлүгүм менен устаттын артынан калбай, алган билимим чыгармачыл тагдырыма таасир этүүчү күч болуп, көркөм жан-дүйнөмө жашыл жарык бербегенинде, мен бүгүн ким болмокмун, кайда жүрмөкмүн?! Аны азыр айтуу кыйын...Концертте Керим агайым сахнага чыгып омоктуу ойлорун ортого салып, мага шык берип, дагы да кеп-кеӊештерин элдин көзүндө айтканына байкатпай жашып турдум. Профессионал устаттан музыкалык билим гана албастан, адамдык атты сактап калууга үндөө тарбиясын да алганымды жашырбайм. Устаттын сыймыгы болуу алда канча оор экенин сезип турдум. Мен бактылуумун, себеби кеп-кеӊешин аябаган устатымдын бар экенине. Биз, шакирттер, устат карган күзгү болушубуз абзел. Устаттын баркын көтөргөн дагы, түшүргөн дагы шакирти. Бирок алдыда дагы көптөгөн ыраазычылык билдире турган ойлор көп.
- Сизди ушул даражага алып келген кимдер болду?
- Мени ушул жаражага алып келген атам Эргешбай, апам Гүлайданын аттарын атап кетпесем болбос. 1999-жылы биртууган агам Арыстанбек Бишкекке алып келген. Адам болуп калыптанышыма дагы агамдын эмгеги бар.
- Ар ким эӊ бийик тоонун чокунусуна чыгууну максат кылат, бирок эч ким билбейт да ошол туу чокуга чыккан соӊ, кайра ылдый түшөр жол бар экенин. Өнөр адамы атакты сактоодо кандай курмандыкка барат болду экен?
- Ошол тоонун эӊ бийик чокусун багындырыш өтө татаал. Бирок сиз айткандай ал туу чокунун чеги жок. Андай даражага жетүү үчүн көп эмгек талап кылынат. Мен туу чокуну багынттым десе жаӊылыштык. Эгер багынттым дегичекти анда ыгармачыл жолдун бүткөнү, жогоруда сиз айткан чокудан кайра ылдый түшкөнү. Бийик дарадага жеткен соӊ, адам баласында ошол дараметти кармап калуу да өтө кыйын. Таланттуу инсан кайсы учурда кармап калат?! Кеп ошондо...Ал үчүн өнөрлүү инсан жөнөкөй, көтөрүмдүү жана аты улук болуусу шарт. Бардык таланттарга ошол даража насип этсин.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg