www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ички иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев менен Тажикстан Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон өзгөчө көңүл бурууну талап кылган чек арага чектеш аймактардагы ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташууларына  байланышкан  бир катар маселелерди талкуулашты. Андан сырткары, жолугушууда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташууну бекемдөө боюнча негизги маселелер каралды.

Өз кезегинде Кашкар Жунушалиев “Бүгүнкү күндө коңшу эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жогорку деңгээлге жетти. Акыркы жылдардын аралыгында ички иштер министрликтеринин бөлүмдөрүнүн бирдиктүү иш-аракеттеринин натыйжасында эл аралык экстремисттик жана террористтик уюмдардын активдүү мүчөлөрү кармалды. Министрликтердин кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө, экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүн алдын алууга багытталган механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү иштерди күчөтүү керек”-деп белгиледи.

Министрликтердин жетекчилеринин жолугушуусунда республикалардын чек арага чектеш райондорунда коомдук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу жана башка эки тарап кызыктар болгон бир катар маселелер талкууланды. Ошондой эле биздин өлкөлөрдү укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү  чек арага чектеш аймактардагы укуктук тартипти бекемдөөнү жакшыртуу менен кылмыштуулук деңгээлин төмөндөтүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча өнөктөштүк мамиле байланыштыраары белгиленди.

Түзүмдүн башчысы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Тажикстандагы кесиптештеринин иш-тажрыйбалары менен таанышты.

Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Тажикстан тарапка жылуу кабыл алгандары үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуусун кеңейтүү менен бекемдөө үчүн керектүү күч жумшай тургандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости