www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Жогорку Кеңеште “ар түрдүү маселелер” алкагында көйгөйлөр ортого салынууда.

Депутат Чойбеков Руслан: “Балдар кыш келгенде, айрыкча, ызгаардуу суук болгон 2-3 ай аралыгында көп оорушат. Ал эми ооурканаларда кезек абдан көп болуп кетишет. Жакын жашагандардын машинеси бар, алар жок дегенде машинесинде күтө алышат. А сырттан келгендер, жада калса отурганга орун жок, 15-20 кг болгон балдарын көтөрүп турушат.

Ошончо кезек болуп, балдар ооруп кыйналып турушса, биздин мамлекеттик ооурканалар дем алыш күндөрү эс алышып, бүгүн башкы дарыгер жок иш күндөрү келиңиздер дешет. Ошондо биз эмне, балдарга ишемби, жекшемби күндөрү оорубагыла деп айталыбы?

Жеке ооруканаларга барсаң, дем алышы жок эле иштешип, кайсы күнү болбосун врач иште болот. А биздин мамлекеттик балдар ооруканалары андай эмес. Кезектешип болсо дагы, айрыкча, жаш балдардын ооруусу күчөп, оорулуулар көп болгон учурларда балдар ооруканаларында врачтар иштешип беришсе. Кандай болгон учурда дагы биз балдарыбызга бүгүн жекшемби, оорубай тур дей албайбыз да,”- деп балдар орууканаларындагы көйгөйдү айтып өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости