www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда парламентте "ар кыл маселелер" алкагында көйгөйлөр ортого салынууда.

Депутат Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өз пикирин билдирди: "Бүгүнкү күндөгү өкмөт колдоп, кээ бир кесиптештерим коргоп келаткан коопсуз шаар долбоору - бул өтө кооптуу долбоор. Бул иште мафиялык мандем, коррупциялык тандем бар. Бул үчүн эксперттин деле кереги жок. Азыр эле ушунчалык мыйзам бузуу жолу менен алып келе жатат. Соттун чечими күчүнө кире элек, булар келишимди күчүнө киргизип коюшту. Бюджет ЖКга кире элек, булар бюджетке 2019га 6млн сом киргизип коюшту. Анысы аз келгенсип, штрафтардан алынуучу акчаны атыла элек аюуну бөлүшкөнсүп, бөлүшүп алышыптыр.

Сот чечпей койсо кандай кылабыз? Хуавейдей болуп качып кетсечи?

Букадан кача элек кунаажынды алып сүтүн сатып жибергендей эле болуп жатат. Кунаажын кысыр болуп калса кантесиңер? Букаңар импотент болуп калса, эмне кыласыңар, ким жооп берет?

Жок дегенде буга чейин коопсуз шаар эмнеге ишке ашпай жатканын териштирсеңер? Башка өлкөлөр канчага, кантип кылдырып жатканын сурасаңар боло? 6 жылда 100 млнго кымбаттаган долбоорду жакшылап изилдеп көрсөк, коррупциянын түйүндөрү чыгат."

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун "Вега" компаниясы 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашыраары айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости