www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөтүүдө пайдаланылуучу усулдардын принциптери менен таанышты.

«Мамлекет тарабынан тилибизди мындан ары карай өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Бардыгы кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестти тапшырышат. Жакынкы учурдан бери катардагы жарандар үчүн да тил билүү деңгээлин аныктоосу үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Азырынча тест акы төлөө негизинде өткөрүлөт, мында тилди күчтөп окутуу тууралуу сөз жок, ошол эле учурда тест тапшырган адам өзүнүн тилди билүү деңгээлин аныктай алат», - деди вице-премьер-министр. 

Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик тилди билүүгө карай сыноо тестинен өтүп, аны ийгиликтүү тапшырды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоочу сыноо тести лексика-грамматикалык нормаларды тажрыйба жүзүндө колдонуусун, текстти угуп жана окуп түшүнө билүүсүн, ошондой эле жазуу жана оозеки түрдө өз ой-пикирин билдирүү деңгээлин аныктайт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости