www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтор менен канчалык күрөш жүрбөсүн, бүгүнкү күндө алардын күчү зор. Толук кандуу күрөш жүргүзүү үчүн жаңы мыйзам керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жергидиктүү маалымат булактардын бирине билдирди.

--"Алар басымдуу да болуп жатышат. Керек болсо, түрмөдө да аларга каршы туура эмес сүйлөсө, өлтүрүп кеткенге чейин барышат. Ошондуктан «смотрящий», «пахан» жана башкаларына өзүнчө түрмө куруп, ошол жерге алып баруу керек. Ошондо гана коркуп башташат. Азыр алар түрмө системасынын баарын билет. Уюшкан кылмыштуу топ менен толук күрөшүү үчүн жаңы мыйзам керек экендигин мурда эле айткам. ИИМ да бул боюнча жаңы долбоор алып чыккан, бирок Жогорку Кеңешке алып келишкен жок. Биздеги иштеп жаткан мыйзамда бир топ ченемдер көрсөтүлгөн эмес. Мисалы, алардын банктык эсептерин текшергенге, мүлктөрүн камакка алууга, керек болсо, дос-туугандарын текшерүүгө да болбойт. Ушуну мыйзамга так жазуу керек. Укук коргоо органдарында ушундай курал болушу керек", -дейт Бекешов.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын 10 айында уюшкан кылмыштуу топтордун 146 мүчөсү ар кандай фактылар менен кармалып, жоопко тартылууда. Аларга 90дон ашык кылмыш иши козголгон. Алардын арасында киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, адам уурдоо, опузалоо, каракчылык, алдамчылык жана башка кылмыштар бар. Кармалгандардын ичинен 9 адам криминалдык чөйрөнүн жогорку макамын алып жүргөндөр. Уюшкан кылмыштуу топтордон мыйзамсыз сакталган 12 курал-жарак, 90дон ашык патрон, алардын арасында АК-47 үлгүсүндөгү автомат, 6 ар кандай үлгүдөгү тапанча, 5 ар кандай калибрдеги сайсыз мылтык алынган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости