www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) маалымдады.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясына “Т.Б.” аттуу жарандан Ички иштер министрлигинин кызматкери тарабынан 3 миң АКШ доллар суммасында акча талап кылуу фактысы боюнча арызы келип түшкөн.

Ушул жылдын 21-декабрында Финполдун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ИТКсы менен биргеликте 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү “Р.Б.” кармалган.

Кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости