www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2010-жылдан бери кыргыз элин каалагандай калчап билген богуңарды жедиңер. Эл башында туруп, элди мыйзам талаасына башташтын ордуна, өзүңөр мыйзамды өз билгениңерче тепседиңер», - деп жарандык активист Шамурза Бөрүкулов ошол учурдагы бийлик өкүлдөрүнө болгон жеке пикирин билдирди:

«Урматтуу мырка апче! Сиздин азыркы акыбалыңызга карата колдоно турган кыргызымдын толгон токой макалдары бар:

- Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт

- Ыйлагысы келген бала атасынын сакалынан тартат

- Тоок артына тукуму келгенде какылыктайт

- Өзүңдө турса айып, кимге барасың тыржайып ж.б.у.с

2010-жылдан бери кыргыз элин каалагандай калчап билген богуңарды жедиңер. Эл башында туруп, элди мыйзам талаасына башташтын ордуна, өзүңөр мыйзамды өз билгениңерче тепседиңер. Бакиевдин убагында жок карызды, силер он жыл ичинде асманга көтөрүп, кыргызды Кытайга кул боло турган акыбалга жеткиздиңер. Бакиевди кетиргениңердеги максатыңар Бакиевдин үй-бүлөлүк клан түзгөнү үчүн эмес экен. Бакиевди кетирип, байып алалы деген гана максат менен ыплас ишиңерди үдөгө ашырыпсыңар. Бакиев байкуш, сен бүлүндүргүч жегичтерден коркуп, силерге ишенбей «үй бүлөлүк клан» түзгөн экен, жакшылап ойлоп көрсөм.

Мына эми Кыргыз атпайдын үнү Кудайга жетип, бизге боору ооруп Садыр Жапаровдой, Камчы Ташиевдей ак ниет азаматтарды берип олтурат. Ал эми силер, УӨттүн деген кара ниет бузукулары уйкуңар качып, тукумуңар артыңарга келгенин сезип, кайсыл дубалга башыңарды урарыңарды билбей ар кимге асыла баштадыңар.

Биринчиден: Садыр Жапаровдун эжесинин эч кандай кылмышы далилденген эмес.

Экинчиден: эгер эле ошол чын болсо, Атамбаев экөөң акыркы он жыл бою тынбай айтып кулагыбыздын кужурун жейт элеңер.

Үчүнчүдөн: ошол нерсе чын болгон күндө да, эжеси үчүн Садыр жооп бербейт.

Андан көрө сиз, Атамбаев баш болгон арамзаадалар, 2010 -жылдагы дал өзүңөр ыплас оюңар, арам колуңар менен кылган кылмыштарыңарга жооп бергиле. Кылмыштарыңардын саны Кудайга шүгүр, өзүңөрдөн артып, небере-чеберелериңерге чейин жетип артат.

Койчунун таягына сүйкөнгөн эчки, же болбосо атасынын сакалынан тарткан балага окшобой тынч олтургула шайлоо бүткөнчө. Антпесеңер, Садырдын колдоочулары, так айтканда биздин колго түшүп калсаңар, энеңерден туулганыңарга пушайман жеп каласыңар. Өзүңдө турат баардык айып, ар кимге асыла бербей жүр тыржайып, «урматтуу» самозванка апче!», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости