www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков жумушунан өргүү алып кеткени айтылган. Ал боюнча Жунусбеков түшүндүрмө берди.
--"14-декабрда акы төлөнбөгөн өргүүгө чыктым. Өзүмдүн талапкеримди жөнөкөй жаран катары колдойм. Ошондуктан анын президент болуп шайланышына жардам берип жүрөм. Бул менин мыйзамда көрсөтүлгөн укугум. "Мегакомдо" иштегендер мамлекеттик кызматкер деп саналбайт. Андыктан мамлекеттик кызматта туруп үгүт иштерин жүргүзүп жатат деген да туура эмес. "Мегакомдон" дагы айлык дагы алган эмесмин жана агитатор дагы болгон жокмун. 14-январда өргүүм бүтөт, кайрадан жумушка барам. Бул нерселердин артында мэриянын чатагы турат. Мэрияда бир топ миллионерлердин атын атап, аларга каршылык көрсөтүп, бийликке келгенге жолтоо кылганбыз. Алар учурда ар бир баскан изибизден ката издеп, айрым журналисттер аркылуу бурмаланган маалыматтарды кетирип жатат", - дейт Жунусбеков.
Бул боюнча "Мегаком" компаниясынын маалымат катчысы Жумгалбек Өмүрканов дагы төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
--"Ооба, Төрахан Жунусбеков 13-декабрда арызын жазган. 14-декабрдан баштап акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетти. Бул жактан компания эч нерсе жоготпойт. Анткени акча төлөнбөйт. Эмгек кодексинин 133-беренеси боюнча акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жумушка орношконуна аз убакыт болсо дагы, чыга берсе болот деп жазылыптыр. Экинчиден, биз коммерциялык, акционердик коом болгондуктан, бир дагы кызматкер мамлекеттик кызматкер катары эсептелбейт. Бизде мамлекеттик компания болсо эле, анда иштегендер мамлекеттик кызматкер болот деген түшүнүк бар. Ал туура эмес" , - дейт маалымат катчы.
Эске салсак, Жунусбеков социалдык тармакка өзүнүн сүрөтүн жүктөп президенттике талапкерлердин бирин колдоп бирдирүү калтырган. Мындан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg