www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаранды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

2021-жылдын 18-январында Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарында аталган кызматтын кызматкерлери «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжасында, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1994-жылы туулган М.Н. аттуу атуул ок атуучу сайлуу куралын жана беш даана 7,62 калибрлүү окторун сатууга аракеттенип жаткан учурда кармалган. 

Учурда соттук -баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости