www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам бузуучулук болгону үчүн жаш үй-бүлөнүн очогу бузулганы турат. Мындай пикирин жарандык активист Эрик Жумабаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ыссык-Көл облусунун, Түп районуна караштуу Балбай айылынын тургуну 2001-жылы туулган К.Д атту жаран 2020-жылдын июль айында 18 жашка толо элек кызга үйлөнгөндүгүнө байланыштуу Түп райондук милиция кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164- беренеси (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгоп убактылуу кармоочу (СИЗО) жайга киргизген. Ошол күндүн тартып соттук отурамдар улам жылдырылып, иши бүтпөй келет. Келин болуп келген кызды ала качып алган эмес, кыздын жана анын ата-энесинин макулдугу менен үйлөнгөн. Азыркы учурда келин жигиттин ата-энеси менен бирге келин катары жашап жатат. Ошого карабастан, кылмыш-кодекси бузулгандыктан той бүткөндө камакка алынган.

Кайрылуунун мазмуну:

Биринчиден мыйзам бузулганын моюнга алабыз! Экинчиден жаш баланын тагдырына балта чабылып жатат! Жаш бала! Жигиттин ата-энесинин деле турмушу укмуш эмес! Укук коргоо органдарына бере салчу долларлары же жүз миндеген сомдору да жок! Карапайым үй-бүлө! Ушуга байланыштуу бул жаш жигитти бошотууга кандайдыр бир мыйзамдуу иш аракеттердин жүрүшүнө жардам берүүңүздөрдү көптөн көп өтүнөм! Адам өлтүргөндөр, мамлекетти тоногондор деле акталып, макталып жаткан заманда ушул мөлтүрөгөн жаш жигиттин тагдырына үйлөнүү тоюнда балта чабылып жатканы ичти ачыштырат!

Урматтуу фейсбуктагы достор, сураныч постту болушуп коюнуздар! Балким жогору жактагылар бул жигиттин ишин өз көзөмөлүнө алышаар деп ишенем!

Мен жазган маселеде мыйзам бузулган! Туура! Бирок ошол эле учурда уй-бүлө да бузулуп жатат! Биринчи болгон соттук отурумда айыпталуучуну 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылсын деп жатыптыр. Үйлөнө элек учурда 18 жашка толо элек кыз менен жыныстык катнашта болгон деген жүйөө менен КРнын Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (зордуктоо) аркылуу кылмыш иши козголгон. Бирок бул жерде зордуктоо болгон эмес.

Албетте, жаман иш болгон. Бирок эки адамдын макулдугу менен болгон. Алар үйлөнүп, келин төрөп, роддомго барган кезде 18 жашка чыга элек экендиги аныкталып ошого байланыштуу күйөөсү камакка алынган. Азыркы учурда келин кайнене-кайнатасы менен бирге жашап жаш наристесин өстүрүп жатышат. Дагы кайталайм! Мыйзам бузулганы чындык! Бирок, үй-бүлө да бузулуп жатпайбы! Үй-бүлө маанилүүбү? Же кандай?

белгилей кетсек, менин жогорудагы адамдар менен эч кандай туугандыным жок. Ал жигитти да келинди да бир да жолу көргөн эмесмин! Бул маселе жалпы айыл эле көтөрүп жаткан маселе! Мен дагы жөн гана айылдаш агасы болом! Жаш үй-бүлөнүн бузулушуна кайдыгер эмесмин! Ошондуктан, жардам сурап кайрылып жатам! Жардам берүүнү каалагандар болсо мага кайрылсаңыздар болот. Урматым менен К.Д. аттуу жарандын айылдаш агасы Эрик Жумабаев», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости