www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы 20-февраль күнү Кемин РИИБге 59 жаштагы К.К. аттуу жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып, 20-февралга караган түнү сарайына белгисиз бирөөлөр кирип, бир баш бодо малын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, мал базарларда текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Чүй ОИИБдин жана Кемин РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы мал уурулукка шектелип 1995-туулган А.Ш., 1992-жылы туулган С.С. жана 1998-жылы туулган Т.Б. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда кармалган жарандар Кемин районунун аймагында 24-февралга караган түнү катталган дагы бир мал уурулукка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Шектүү жарандар уурдалган малды союп, этин колбаса цехине өткөрүп жиберишкени такталаган.

Кармалган жарандардын бири 1995-жылы туулган А.Ш. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, ал эми калган эки шектүүнүн үстүнөн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыш иштерге тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости