www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жерүйдүн» ийгиликтүү иштеп кетиши, биринчи кезекте Кыргызстандын инвестициялык климатына жана имиджине сонун салым кошту», - деди бүгүн, 19-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, «Жерүй» кени ачылганы утулдук, экинчи афёрага кабылдык дегендер чекеден чыга баштады. Бу сапар Кыргызстан үлүшкө ээ болдубу же куру жалак калдыбы?

- «Жерүй» кенин ийгиликтүү ишке киргизип, андан алтынды бөлүп алуу фабрикасын куруунун өзүнүн алдын-ала белгилеп коё турган тарыхы бар.  Дароо эле айтсак болот: орус компаниясы «Альянс Алтын» «Жерүйгө» түзүп берген өндүрүштүк инфраструктурасы - биздин мамлекетке жана жергиликтүү калкка абдан чоң пайда алып келе турган долбоор болду!  Кечээге жагымдуу окуяга чейин эле аталган компания ошол фабриканын курулушуна 410 млн. $ лык инвестиция салыптыр. Биздин бюджетке 900 млн сом которуп, Таласта түзүлгөн «Бакубат Талас» Фондуна 600 млн.сом которгон экен. Мен айтаар элем, «Жерүйдүн» ийгиликтүү иштеп кетиши, биринчи кезекте Кыргызстандын инвестициялык климатына жана имиджине сонун салым кошту! Бүгүнкү күндө «Жерүй» эң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп калып жатпайбы?  Мен ойлойм биз бул кенден өзүбүзгө тиешелүү болгон пайдабызды сөзсүз алабыз. Эми жемибизди жедирбейбиз.

- «Жерүй» кенин казууда экологиялык коопсуздук талапка жооп бере турган шартта казылат бекен? Же дагы деле пайдасын башкалар, азабын эл тартабы?

- «Жерүй» кенин иштетүүдө дагы бир жагымдуу жагдай болуптур. Бул - экологиялык коопсуздук маселеси. Фабриканы ачаардан алдын эле «Альянс Алтын» эл аралык аброю бар «Sensor Group» компаниясын жалдап калдык сакталуучу жердин экологиялык коопсуздугун тешертишиптир жана анын геомембранасынын жогорку коопсуздукка туруштук бере турган стандарттын камсыз кылышыптыр. Бул өтө маанилүү маселе.

- Путиндин «Жерүйдүн» ачылышына телекөпүрө аркылуу катышканын айрымдар Кыргызстанда инвестициялык климаттын түзүлө баштаганы катары сыпаттап жатышат. Бул боюнча кандай ойдосуз?

-Туура. Кечээ «Жерүй» фабрикасынын ачылыш аземине Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин катышып, телекөпүрө форматында өз каалоолорун жана пикирлерин ачык айтышты. Эки элдин ортосундагы инвестициялык мамилелер мындан ары дагы күчөтүлө тургандыктарын баса белгилешти.

Фабриканын жана кенди казуунун өзүндө 95% кыргызстандыктар эмгектенет экен. Бул биз үчүн чоң жетишкендик! Кана эми баардык кендерибизди өзүбүз гана толук иштете алсак. Бирок, абалыбыз ченелүү болуп жатпайбы! Келечекте балдар-кыздарыбыз ушуну өз колдоруна толук алат деп бекем ишенем!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости