www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш учурунда курулуш компаниялардын материалдык кызыкчылыгы бар экени байкалууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп жаткан учурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Куруучуларга жана архитекторлорго суроо бергим келип жатат. Биздин шаарды эмнеге айландырдыңар? Кара түтүн, тротуарлардын жоктугу, бак-дарактарды кыйып, алардын ордуна жапыз бактарды отургузуп жатасыңар. Бул кооз көрүнөт, бирок шаарда шамал жок. Азыр шаарыбыз бизге жана балдарга канчалык кооптуу деген суроо турат», - деди Ажикеев.

Ал жолугушуу учурунда курулуш компаниялар тарабынан берилген уруксат кагаздарды жокко чыгарбоо сунушталганын айтты.

«Эгерде уруксат кагаздар берилип, бирок бузуулар орун алса, курулушту токтотуш керек», - деди министр.

Ажикеев элиталык имараттардын курулушун мисал келтирип, батирлердеги, подъезддердеги үндөр угулуп жатканына көңүл бурду.

«Курулуш иштеринде кандай материалдар колдонулат? Унаа токтотуучу жай жок. Борбор калаанын көркүн баалоо боюнча башка ыкмага, бирдиктүү архитектуралык стилге өтүш керек», - деди ал.

Ал курулуш компаниялардын кызыкчылыгы үчүн кызыл линиялар жылдырылып жатканын кошумчалады.

«Бул объекттин аянтын кеңейтүү үчүн жүргүзүлүп жатат. Бул үчүн жоопкерчилик курулуш иштеринин бардык катышуучуларына жана мамлекеттик органдарга жүтөлүшү керек», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости