www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч жыныстуу сөөлжан Калифорниянын Моно көлүндө табылган. Таң калычтуу нерсе, табиятта миллиондогон жылдар эркек жана аял деген эки жыныстуулук, тукум калтырып келатат, бирок үчүнчү жыныстуулук дегенди кандайча түшүнсөк болот? Калифорниянын Моно көлүндө табылган үч жыныстуу сөөлжандардын организминде уулуу заттар нормадан алда канча ашыкча болсо да, аларды тоготуп койбойт экен.
Үч жыныстуу жана уу албас суу сөөлжаны
Бул көлдүн суусу океандан үч эсе туздуу, кычкылдыктуулук көрсөткүчү 10 баскычты түзөт. Суунун кычкылдыктуулугу максимум 14 баскыч менен өлчөнөт. Таза суунун көрсөткүчү 7 жана кычкылдыктуулуктун 1 баскычка жогорулоосу чөйрөнүн шакардуулугу 10 эсе көбөйдү деген кеп. Ушундан улам Моно көлүндө балык жок, бирок суу чаяны сыяктуу микроорганизмдер арбын эле.
Бул изилдөөгө чейин Моно көлүндө курт-кумурскалардын эки гана түрү - деңиз креветкасы менен сууга чумкуп кирчү чымындар байырлайт деп айтылып жүргөн. Көлдө жаңы табылган үч жыныстуу сөөлжандардын арасында мителер менен жырткычтар бар. Бул жандыктар көлдөгү мышьякты тоготпогондуктан экстремофилдер деп аталат. Экстремофилдер – жашоого ылайыксыз чөйрөдө жашап көбөйө берчү организмдер.
Жаңы табылган үч жыныстуу жандыктардын ушул эле түркүмдөгү туугандары менен салыштырып, мурда табылгандар сыяктуу ууланган чөйрөдө жашашпаганы менен, аларга чоң дозадагы мышьяк таасир эте албаганын көрүшкөн. Ошондой эле алардын лабораторияда нормалдуу шартта көбөйөрү аныкталган. Бул окумуштуулар үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Анткени белгилүү экстремофилдердин саналуу гана түрүн лабораториялык жагдайда изилдесе болот.
Окумуштуулардын айтымында, жаңы үч жыныстуу сөөлжандарды изилдөө мышьяк кишинин клеткасына кандай таасир эткенин билип, мышьяк менен ууланган организмди дарылоонун механизмин иштеп чыкканга көмөктөшөт. Демек, үч жыныстуу сөөлжандардын организми катаал шартка ыңгайлашууга жөндөмдүү.
Аалымдардын эмки максаты - сөөлжандардын уулуу же аномалдуу чөйрөгө ыңгайлашып кетишине жооптуу гендерин табуу жана уудан коргоочу механизм кандай иштегенин аныктоо. Үч жыныстуу сөөлжандар бизге стресске каршы күрөшүүнүн инновациялык стратегиясы тууралуу көп нерселерди айтып берет. Изилдөөлөр берегидей 1000 клеткалуу жандыктар экстремалдык жагдайда кантип жашап кеткенин билиш керек.
Калифорния сөөлжаны
Эми башка сөөлжандар тууралуу кеп кылалы.
Сөөлжандарды жер семирткич үчүн өстүрүүгө адистешкен чарбалар АКШда өткөн кылымдын 40-жылдары пайда болгон. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө андай чарбалардын саны жүздөп саналат жана сөөлжан өстүрүү өндүрүштүк негизде жолго коюлган. Кыргызстан үчүн эң пайдалуусу Калифорния сөөлжаны болот. Себеби алар абдан иштерман болушат, эч жакка качып кетишпейт, түн ичинде да жоголбойт. Бир жерге тамак берип койсоң, аны жеп, көбөйө берет.
Биринчиден, химиялык жол менен алынган жер семирткичтерден сөөлжандан жасалган жер семирткичи эмнеси менен айырмасы эмнеде? Эгерде рейтинг боюнча баа берсек жана жер семирткичтердин кайсынысы эң пайдалуу десек, сөөлжандан жасалган жер семирткичти биринчи орунга койсо болот. Сөөлжандан чыккан жер семирткич сууну өзүнө сактайт жана аны өсүмдүккө гана берет.
Экинчиден, Кыргызстандын топуракта көп жылдан бери нитраттар, оор металлдар жана башка зыяндуу заттар чогулуп калган. Ошонун баары тең өсүмдүктөргө эле берилбей жерде бекем уюп жатат. Натыйжада жерди бузуш керек, сөөлжандан жасалган жер семирткичтер, андай жерди оңдоп кетчү касиет бар. Калифорния сөөлжаны жерди дарылайт. Сөөлжан кичинекей баладай. Муну кышында бир температурада кармап туруу шарт. Кичине эле үшүп калса, өлөт. Бир аз эле ысык болсо, ысыйт. Ошон үчүн бир температураны кармап туруу абзел. Тамагын бергенде да катуу көзөмөл керек. Сөөлжанды багуу күлүк ат таптагандай эле. Аны кантип бакканды үйрөнүш керек.
Сөөлжандардын бир жакшы касиети бар: бир да оору аларга жукпайт. Ооруган малдын заңы сөөлжанга түшкөндө, сөөлжан жампаны жейт жана иштеп чыккандан кийин анда бир да оору калбай баары тазаланып калат. Сөөлжандан жасалган жер семирткич 100% илдетсиз, 100% пайдалуу, 100% таза деп айтса болот. Жаратылыштын өз мыйзамдары бар. Итпи, атпы, чычканбы, алар ооруп калганда дары издешет жана сөөлжанды жеп, өздөрүн өздөрү айыктырат. Байкасаңыз, ит жерди таарып, бир нерсе казып жейт. Чычкан да ошондой. Себеби сөөлжандын башынын ийненин учундай жеринде суюктук бар. Жанагы жандыктар ошол суюктукту алып ичишет. Ал суюктук рак жана башка ооруларды айыктырат экен.
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg