www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Башкесер ууру Батукаевди качырып ийген Турсунбек Акун дегендерди жолотпоо керек болчу кеңешмеге», - деди бүгүн, 19-мартта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.
- Нурлан мырза, президенттин Өзбекстанга болгон иш сапары майнаптуу эле болдубу?
- Президенттин ал мамлекеттик иш сапары абдан алгылыктуу жана жемиштүү болду. Чоң-чон долбоорлордон тышкары дагы 20 тез жардам унаасы келди. Ар дайым баш оору болуп келген чек ара маселелерин 3 айда чечмей болушту. Бул жакшы жаңылык.
- Ажонун Сириядагы жетим калган балдарды Кыргызстанга алып келем дегени аракети мактоого татыйбы?
- Садыр Жапаровдун ал аракети абдан мактоого татыктуу. Ошол адашып барып алып, өздөрү салгылашта курман болгон, ата- энелери Сирия менен Ирактагы түрмөлөрдө отуруп калгандары үчүн кичинекей балдар күнөөлүү эмес да. Алар да болсо биздин кандаш-боордош кыргыз балдары. Ошон үчүн алып келип, мамлекет өз карамагына алышы керек.
- Айтмакчы «Референдум жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алууда депутаттарга чындап жогору жактан кысым болдубу же бийликти жөн эле сындап, эл алдында ойноп жатышабы?
- Ушул парламентти убагында эмне деп гана сындап, тепкилешпеди. Бирок, тан берип, баа койдум. Азаматтар экен дейбизби же революциячыл кыргыз элинин каарынан коркуштубу, айтор, карапайым элдин талаптарын ойдогудай мыйзамдаштырып, легалдаштырып келе жатышат.
- Жаңы Конституцияны деңгээли төмөн, кошоматты катыра кылгандар жазды деп доомат койгондор чыга баштады. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Жаңы Конституцияны деңгээли төмөн дей албайм. Мисалы, мен 15 жылдан бери айтып келаткан идеялар дээрлик бүт баары камтылыптыр бул Баш мыйзамга. Болгону, башкесер ууру Батукаевди качырып ийген Турсунбек Акун дегендерди жолотпоо керек болчу кеңешмеге.
- Баса, жыл сайын 8-мартта митингге чыгып, кыргызга жат ураандарды алып чыкканды адатка айланта баштагандардын тобу пайда болду. Буларды тыйсак укугу тепселеби же тыйбасак мамлекетибизге доо кетеби?
- Буларды күчкө салып эле тыюу керек. Өсүп келе жаткан кийинки жаш муунга тескери тарбия берип жатышат. Азыркы бийлик бул голубойлордон неге коркушат, түшүнбөйм. Акыры бир жагын тандоо керек да. Же Батыштын бачабаз жашоо образын, же мусулман-азиат, КМШ менталитетин. Акаев, Бакиев, Атамбаев ушундайларга жол бергендери үчүн, бийликтери кыйрады. Аллахтын каарына калышты.
- Булар чындап аялдардын ур токмокко кабылып, өлүмгө дуушар болгону үчүн күйүп чыгып жатышабы же түпкү максаты башкабы?
- Жаман жөрөлгөнү коштогон топтун түпкү максаттары жаман: Булар Кыргызстанды кыйратууну көздөп жатышат. Коңшу бир да мамлекет булар менен ойноп отурган жок. Күчкө салып эле тыйып коюшту.
- Алар таасирдүү күчкө айланууну көздөп жатканда мамлекет эмне кылышы керек?
- Мамлекет тезинен буларга каршы мыйзамдарды кабыл алып, расмий түрдө тыюу керек. Түрмө же чоң штрафтар менен жазалоо керек. Антпесе күч алып кетип, коомду бузуп, мамлекетке залакасын тийгизишет.
Булак: NazarNews.kg